Сүйгөнүмдүн ата-энеси “сен кимсиң” дейт. Карапайым жигиттин баяны
Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.
Менин мектептен бери сүйгөн кызым бар. Экөөбүз бири-бирибизди абдан жакшы көрөбүз. Бир көйгөй - анын ата-энеси өтө бай. Мени теңине алышпайт, өйдөдөн карайт. Өзүм окуумду бүткөм, жакшы жумушта иштейм. Кеңеш бериңизчи! Кандай жол менен баш кошсок болот?
Тамара Воронцова, психолог
Урматтуу мырза, социалдык жана материалдык теңсиздик дайыма маанилүү болуп келген, бул нерсени өзгөртө албайбыз.
Бир нерсени билиңиз, ар бир ата-эне балдары бейкуттукта, жетишкен турмушта өмүр сүрүүсүн каалайт. Кызы башка жерге барса, көнбөгөн шарттарда жашай албай калат деп чоочулашат.
Сүйлөшкөн кызыңыз ата-энесине сизди эмне себептен жакшы көрөөрүн, кадыр-баркыңыз тууралуу көбүрөөк айтсын. Эч качан аларга талап коюп, макул болбосо качып кетпесин, сиз да кызды ала качуу жөнүндө ойлонбоңуз. Кандай болгон күндө да өзүңүздү татыктуу алып жүрүңүз!
Бардык күчүңүздү анын ата-энесине жагууга эмес, өзүңүздүн пайдаңызга, бизнес баштаганга, көбүрөөк акча тапканга жумшаңыз. Үйлөнүүгө шашылбаңыз.
Кызыңыз ата-энесин көндүргөндө, алар карьераңызга жардам бериши мүмкүн. Сизге айтаарым, эч качан ата-энесинен акча албаңыз, жакшысы досторуңуздан сураңыз.
Ынандырыңыз, багындырыңыз, акча табыңыз, шашылуунун кереги жок! Мен ар дайым кыздарга мындай дейм: бай жигиттерди эмес, жалкоо эместерди издегиле! Себеби, байлык бир заматта жок болуп кетиши мүмкүн, ата-эненики андан бетер.
Эгерде жигит мээнеткеч болсо, ал кандай гана кырдаал болбосун, акча таап, үй-бүлөсүн бага алат. Мунун баары сиздин колуңуздан келээрине ишенем. Ошондой эле үй-бүлө куруу үчүн бир гана сүйүү жетишсиз, көп аракет, эмгек, сабырдуулук керек.
Өзүңүзгө ишениңиз, ошондо сизде баары жакшы болот!