// //

Үйдөн чыкпай китепкана арала

2018.08.28, 13:49
17483

Китеп эмес смартфон көтөрүүнү каалаган окуучулар үчүн Bilesinbi.kg онлайн китепканаларды сунуштайт. 

Lib.kg 

“Ачык китепкана” – жалпы пайдаланууга, көптөгөн материалдарды табууга жана аларды өзгөртүп кайрадан иштеп чыгууга укук берет. Бул жерден мектеп окуу куралдарын, китепканалардын архивинен сейрек кездешүүчү китептерди, диссертацияларды табууга болот. Анан албетте баардык материалдардын электрондук түрүн жүктөп алууга уруксат. 

Ачык китепканада ар кандай тематикадагы жана багыттагы китептер бар. Эгер сиз психологияга арналган китептерди окугуңуз келсе, аны дагы табууга мүмкүн. 

Сайт улам-улам жаңыланып, жаңы китептер менен толукталып турат. 

Мисалы, сизге мектептен кайсы бир китеп жетишсиз болуп калса lib.kg` ден көчүрүп алып окуганга эмнеге болбосун. 

Bizdin.kg

Bizdin.kg` нин максаты кыргыз тилиндеги мазмундуу китептердин жетиштүүлүгүн арттыруу жана кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошуу. Жеке жарандардын демилгеси артында 2009-жылы уюшулган. Алгачкылардан болуп Сагымбай Орозбак уулунун айтуусундагы Манас эпосун электрондук вариантта коомчулукка сунуштаган. 

Сабакка даярданыш керек, китеп жок, классташтын үйү алыс. Эжейден уруш угуп, эки алгандан көрө Bizdin.kg` ден электрондук китеп көчүрүп алыңыз. 

Бул жерде окуу программасынан тышкары көптөгөн китептер да бар. 

Neb.kg 

Аталган долбоордун максаты: Кыргызстандын Улуттук Электрондук китепкананын web-порталын түзүү жана эркин маалымат алмашуу. Кыргызстандын баардык аймактарындагы китепканалар санариптештирилген. Бул жерден ар кандай документтерди, китептер, журналдар, гезиттер, карталар, ноталар, аудиофайлдар, видеофайлдар, авторефераттар, диссертацияларды таба аласыз. 

Бул жерден сиз каалаган жазуучунун ысымын жазып, издегениңизди таап алсаңыз болот. 

Кыргызстандын жаңы адабияты

Кыргызстандын жаңы адабияты долбоору улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналып түзүлгөн. Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана десек да жаңылышпайбыз. Бул электрондук китепкана  эгемендүүлүк мезгилиндеги жазылган чыгармаларды камтыйт. 

Билим АКИpress китепканасы

Билим АКИпресс порталынын китепкана бөлүмүнөн мектеп окуу китептерин, диссертацияларды, эпосторду таап окуй аласыз. 

Көп окуган - көп билет! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт