Америкалык индеецтердин даанышмандыгы

2019.04.26, 14:42
588

Америка континенттерин басып алган европалыктар түпкү тургундары индеецтерди жапайы деп эсептешкен. Бирок чынында бул эл табият менен гармонияда жашаган, аны сыйлаган жана кастарлап мамиле кылган улуу цивилизация болгон. Индеецтердин даанышмандыгына көңүл бөлүңүз.

  • Бардык өсүмдүктөр биздин бир туугандарыбыз, кунт коюп тыңшасак, алардын сүйлөшкөнүн угабыз.
  • Биз жерди ата-бабаларыбыздан мураска алабыз, бирок урпактарыбыздан карызга алып колдонобуз.
  • Жаз мезгилиндеги басыгың жумшак болсун, Жер-Эне кош бойлуу.
  • Сен төрөлгөндө ыйлап төрөлгөнсүң, дүйнө сенин келишиңе кубанган. Ошондуктан татыктуу жаша, жашоо менен жылмайып коштош дүйнө сени жоктоп ыйласын.
  • Адамдын алгачкы устаты анын жүрөгү.
  • Эсиңде болсун, балдарың сенин менчигиң эмес, аларды сага Жараткан убактылуу берген.
  • Уктамыш болуп жаткан адамды ойготуу мүмкүн эмес.
  • Ыраазы болууга себеп таппай турсаң, бул сенин айыбың.
  • Ар бир адамдын ичинде ак карышкыр менен кара карышкыр күрөшүп келет. Кимисине тамак берсең ошонусу утат.
  • Айта турган сөзүң бар болсо өйдө тур, башкалар сени көрүшсүн.
  • Байланган аттын күлүк болушун күткөн туурабы?
  • Эмне үчүн силер мээримиңер менен ала албаган нерсени күч менен алууга умтуласыңар?
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт