// //

Кыйынчылыктан коркпош керек! Жаш ишкер Урмат Насыкуловдон кеңеш

2019.04.22, 13:06
2703

“Тонус” коомдук фондунун жана “Change Fitness" фитнес клубунун генералдык директору, жаш ишкер Урмат Насыкулов Bilesinbi.kg’де конокто болуп, ийгилик сырлары менен бөлүштү.

Ийгиликтин даяр формуласы жок. Өзүнө ишенген, эл камын ойлогон, уникалдуу идеясы бар, көйгөйлөрдү чече алган адам гана ийгиликке жетет.

30 жашка чейин ким болоорун билбөө нормалдуу көрүнүш. Эң башкысы, бир орунда турбай, “Бул жашоого эмне үчүн келдим?” “Миссиям кандай?” деген суроолорду берип, изденүү керек.

Алдыга кадам таштаганда гана мүмкүнчүлүктөр ачыла баштайт. Болгону аракеттенүү керек!

Бизнес баштоо үчүн акча зарыл эмес. Акчасын кайда салууну билбей жүргөн ишкерлер көп, болгону жакшы идея жок. Бул идеянын жаратуучусу – жаштар.

Сөзсүз эле бизнесмен болуунун кереги жок. Кандай гана жумуш болбосун өзүңө жакса, ыракат алып келсе, каалаган кыйынчылыктан аттап өтсө болот.

Ишкер эч качан акчанын аркасынан чуркабайт! Анын эң биринчи кызыкчылыгы - коомго пайда алып келүү.

Кыйынчылыктардан коркпош керек. Алар алдыга умтулууга түрткү берет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт