Наноэлектрониканын келечеги барбы? Адис жооп берет
Саламатсызбы! Учурда КУУнун физика жана электроника факультетинин электроника жана наноэлектроника бөлүмүндө окуйм. Мен бул кесиптин келечегин билгим келет. Тайманбай жана артка кайтпай окуй берсем болобу?
Улан Саламатов
NANOSPACE жана "Вавилон" компаниясынын директору
Саламатсызбы! Бул кесиптин келечеги абдан чоң. Анткени, наноэлектроника жашообуздун ажырагыс бир бөлүгүнө айланып калган.
Күндөлүк турмушубузду электроникасыз элестетүү мүмкүн эмес: ошол эле телевизор, машина, телефон, үй-тиричилик техникасы ж.б. Жадакалса, бизнес да нанотехнологиясыз жүрбөйт.
Электроника факультетинде окусаң абдан сонун. Юрист, экономистке салыштырмалуу бул кесип ээлерине суроо-талап жогору, эмгек маянасы жакшы.
Эч күмөн санабай, аракет кылып окуй бер. Окуудан тышкары, азыртадан баштап долбоорлорду иштеп чык.
Сага ийгилик каалайм!