Аябай түктүүмүн. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Менде эки суроо бар. Биринчиси: Алаканым көп тердейт. Эмне кылсам болот?
Экинчиси: Үй-бүлөбүздөн мен эле ашыкча түктүүмүн. Кимге кайрылам?
Асель Сыдыкбекова
Терапевт
Окурман, кайсы убакыттан бери алаканыңыз тердейт? Эмоция (жинденүү, коркуу, толкундануу ж.б) учурунда тердөө жогорулайбы?
Менде сиз тууралуу толук маалымат жок, мүмкүн сиз ачулуу (нервный) адамсыз, мындай учурда вегетативдүү нерв системасы өз милдеттерин аткарат.
Кабатыр болбой дарыгерге кайрылыңыз. Ден соолук каалайм!
Надира Бейшеева
Трихолог
Түктүн көп өскөнүнүн себеби гормондук өзгөрүүлөрдөн болушу ыктымал. Андан арылуунун жолдору көп десек дагы болот. Мисалы: эпиляция деп атайын аппараттын жардамы менен түктү тамырына чейин жок кылып, өстүртпөй коюу. Мунун түрлөрү бар фотоэпиляция, лазердик эпиляция жана электроэпиляция. Мындан сырткары депиляция деген бар. Мында ар кандай табигый каражаттардын жардамы менен теринин үстүнкү катмарындагы түктөрдөн арылуу. Бирок эндокринологго кайрылып, текшерилип түктүү болуунун себептерин билип алып анан иш алып барыңыз.