// //

Беттеги сепкилди кантип кетирсе болот? Косметолог жооп берет

2019.04.18, 13:47
9312

Эмне үчүн бетке сепкил чыгат? Аны кантип кетирсе болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.04.2019, 13:47

Асель Алымбаева

Косметолог

Сепкил - бул теридеги чакан пигмент тактар. Ар дайым жазында, күн жылыганда пайда болуп, кышында күндүн нуру азыраак тийгенде өңү өчүп калат. Эмне үчүн бетке сепкил чыкканы азыркы күнгө чейин белгисиз. Эч ким так жооп бере элек. Бирден-бир себеби, тукум кууйт.

Тажрыйба көрсөткөндөй сепкилди толугу менен кетирүү мүмкүн эмес. Ар кандай каражаттардын жардамы менен убактылуу өңүн өчүрсө гана болот.

Жаздын келиши менен күн нурунан сактоочу, фактору 35 жана жогору болгон кремди активдүүрөк колдонуу зарыл. Кышкысын лазер менен өңүн өчүрүп, бетти агартуучу косметика менен колдонсо болот. Бирок бул процедуралар кеч күздө жана кышында эле жасала турганын эсиңизден чыгарбаңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт