// //

“Мамилени эркек эмес, сүйүү башкарыш керек!”. Улан Үсөйүндөн жигиттерге кеңеш

2019.04.18, 11:59
3371

Кызга бир жолу гүл берип, өмүр боюу колун сураган туура эмес. Көңүлүн алуу үчүн жылдап жүрүү керек.

"Көчмөн" коомдук фондунун жетекчиси, коомдук активист Улан Үсөйүн Bilesinbi.kg’де конокто болуп, өзүнүн баалуу кеңештери менен бөлүштү.

  • Кызбы же жигитпи айырмасы жок, адамды “инсан" (личность) катары кабыл алганды үйрөнгөндөн кийин гана мамиле кур. Тилекке каршы, бизде адамды инсан катары көрбөй, буюм сыяктуу “алыш керек”, “тийиш керек” деген сөзгө өтүп алышат.
  • Кыздарды түшүнүүгө убакыт коротпой, аларды жөн гана сүй!
  • Эки адамдын бирге жашашы бактылуулуктун көрсөткүчү эмес. Ортолорунда сүйүү, мамиле, көңүл жана мээрим болгон өнөктөштөрдү гана бактылуу десек болот.
  • Кызга бир жолу гүл берип, өмүр боюу колун сураган туура эмес. Көңүлүн алуу үчүн жылдап аркасынан жүр.

Мамиледе мажбурлоо, таңуулоо болбошу керек!

  • Бир жолу “жок” деп койсо, кол шилтеп басып кетпе. Сүйүү жолу татаал жана узак. Бул жолду басып өтүп, анын сый урматына татыктуу бол.
  • Жөн эле мамиле кылып алып, “карабай койду”, “мындай экен” дебей, ал адамдын максатын, оюн сыйла.
  • Адамдар бири-бирин жакындан таанымайын мамиле куруу кыйын. Дароо эле сүйүү сезимин билдирбей, алгач дос катары сүйлөш.
  • “Жок” десе эмне кылам деп, жактырган кызы менен тааныша албай жүргөн жигит үчүн, “кылбай өкүнгүчө, кылып өкүн” деген жакшы сөз бар.

Белектен дагы көңүл өйдө турат. Кыздар татыктуу мамилени күтөт. Өзүңө, “Ошол мамилени бере аламбы?” деген суроону көбүрөөк бер.

  • Адамдардын баалуулуктары бир болгону менен, кыялы, максаты, тилеги башка. Өнөктөшүңдү инсан катары кабыл алып, түшүнгөнгө аракет кыл.
  • “Эркексиңби”, “эркекмин”, “эркек болгондон кийин” деген сөздөрдөн арыл. Сен кандай адам болсоң, маңдайыңдагы адам да ошондой. Баарыбызга бирдей мүмкүнчүлүк, теңчилик берилген.
  • Түгөйүң татыктуу жубай болсун десең, алгач өзүң ошондой бол. Себеби ал сенин күзгүң.
  • Сезимдериңди ачыкка чыгаруудан, айтуудан коркпо.
  • Өткөн мамилени жашыруунун кереги жок. Аларды келечегиң үчүн чоң сабак катары кабыл ал.
  • Ар бир нерсенин чеги, орду, убактысы болот. “Сүйөм” деп сайрай бергендер толтура. Акыл-эстүү адам бул сөздү ылайыгы менен пайдаланат.

Ачык суроолорду берип, ачык жооп бергенден коркпо.

  • Кыз-жигиттин ортосунда жашыра турчу эч нерсе болбош керек. Жолукканда “милашка же милый” болбой, чыныгы жүзүңдү көрсөт.
  • Эки адам бири-бирин өзгөртүүгө аракет кылбай, кандай болсо, ошондой кабыл алышы керек. Башка адамды өзгөртүү бул жеке ойду таңуулоо.
  • Мамилени эркек же аял эмес, адамдык сапат, сүйүү, гармония, мээрим, каалоо башкарышы керек!  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт