Ата-энем ажырашып кеткен, атамдын үйүнө мураскер боло аламбы?
Мен төрөлгөндөн кийин эле ата-энем ажырашып кетишкен экен. Беш айлык кезимен тартып таята, таенемдин колунда чоңойдум. Атам менен байланышым жок болчу. Мага паспорт аларда гана апам атамдын айылына барып мыйзамдуу түрдө ажырашып келген. Алимент кестирген эмес. Мен атамдын фамилиясындамын. Кийин атамдын каза болгонун уктук. Чоң энем чалып, кезигүүнү өтүнүп, атамдын үйү бар экенин жана мага мурас катары калса деген ниети бар экенин билдирди.
Атамдын экинчи аялынын да балдары бар экен. Алар атамдын балдары эмес, бирок анын фамилиясын алып жүрүшөт. Эми мен атамдын жалгыз уулу катары ошол үйгө мураскер боло аламбы?
Равшан Набиджанов
Юрист
Урматтуу окурман, мыйзам боюнча атаңыз сизден сот аркылуу баш тартпаса жана күбөлүгүңүздө атасы деген графада атаңыздын аты турса, сиз анын мүлкүнүн мураскери болуп саналасыз. Бирок, сизден тышкары атаңыздын фамилиясын алган 2 уулу бар экен, алар да мураскер болуп саналат. Ошондо мыйзам боюнча сот аркылуу чечиле турган болсо бардык мүлк тең үчкө бөлүнөт. Кааласаңар соту жок эле, сүйлөшүп чечип алсаңар болот.