// //

Атама аябай капамын, мени ашыкча катуу кармайт. Психолог жооп берет

2019.04.17, 14:54
2321

Bilesinbi.kg окурмандардын суроолорун анонимдүү кабыл алып, жашоосунда түзүлгөн оор кырдаалга эксперттерден кеңеш алып берет.

Саламатсызбы. Суроону кантип баштарымды билбей жатам. Жашым 24тө. Атама аябай капамын. Ал мени аябай катуу кармайт. Мүнөзүм түнт, көп сүйлөбөйм, күлбөйм, адамдар менен тил табыша албайм. Үйдөн чыксам эле балдар мени бузуп коё тургансып корголоп жүрүп күйөөгө берди. Кайын журтума жакпадым, колуман иштин бардыгы келет. Айыбым, күлүп-жайнап, ачылып сүйлөбөгөнүм. Күйөөм бир устазынын кеңеши менен экинчи аял алам деп чыкты. Мындай кабар мен үчүн катуу сокку болду. Эч ким менен сүйлөшпөй таза жүрүп тийген күйөөм ушулбу? Аябай көңүлүм сууп, көп уруша турган болдук. Акыры ажырашып кеттик. Ортодо кызыбыз бар.

Азыр ата-энемдикиндемин. Мени дале эч жака чыгарышпайт. Окуйм, иштейм, десем атам көнбөйт. Бишкекке барып Нурзат Токтосунованын курстарына барайын, мүмкүн өзгөрүп кетээрмин, деп сурандым. Болбой койду. Идда мөөнөтү бүтөөрү менен күйөөгө берем деп туруп алды. Аябай ыйладым. Бир күнү ойлонуп отуруп чачымды кырып салдым. Ошондон кийин күйөөнү айтпай калды.

Өзүм ыр жазам, адабий клубдарга мүчө болуп, поэзия кечелерине катышкым келет, тренингдерге баргым келет, бирок жибербейт. Сулуулук салонунда иштесем деп да кыялданам. Жок дегенде тикмечиникин окуп алайын дедим, ага да көнбөдү. Москвда жакын досум бар, ал мени жумушка чакырды. Экөөбүз чогуу барып-келип жүрө беребиз деп, анда да болгон жок. Москвага баргандын бары бузулуп кетет имиш.   

Өгөй апам артыман ушак айтып баарына жаман көрсөтүп бүтмөй болду. Анын айынан атам экөөбүз таарыныштык. Мени жаман көрүп калган.

Кээде туруп, кызымды алып, үйдөн чыгып кетип калгым келет. Өз жашоомду өзүм жашагым келет. Анан кайра ойлоном, нааразы кылып, Бейишке кирбей каламбы деп.

Колумду сурагандар бар, бирок көңүлүмө жага турган эч ким жок. Аябай сыгылып кеттим. Эмне кылышым керек?

Назира Кубанычбек

Психолог, psiholog_kg_bishkek

 Урматтуу окурман, абалыңыздын сиз үчүн оор болуп турганын түшүнүп турам. Өзүңүздү колго алып, жашоого позитивдүү кароону үйрөнүңүз. Тренингдерге катышып, өзүмдү өнүктүрөм, изденем деген жакшы ниеттериңиздин болгону сонун. Демек, сиз өзгөрүүгө ресурсуңуз бар. Бул абдан кубанычтуу. Ыр жазууну улантыңыз, эч качан токтотпоңуз. Жашоодогу жакшылыктардын бардыгы алдыда, жашсыз, ден-соолугуңуз бар.

Алдыга жылып, жашооңузга өзгөрүү киргизүү үчүн бир гана чечкиндүү кадамыңыз зарыл. Албетте, атаңыздын сизге болгон таасири күчтүү. Көп жылдар бою ал кишинин айтканы менен болуу көнүмүш адатка айланган. Өз алдынча олутуу чечим чыгаруу кыйын боло турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш.  

Мындан ары атамды таарынтып албайын деп, өзүңүз ага таарынып, өз жашооңузга нааразы болуп жашайсызбы же өз каалооңуздун алкагында өзгөрүүлөргө карай кадам шилтейсизби, бул сиздин тандооңуздан жана сиздин чечимиңизден гана көз каранды.

Сизге бакыт жана ийгилик каалайм!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт