Квест деген эмне? Андан психологиялык травма алып калуу мүмкүнбү?
Азыр шаарда квест деген оюндар көбөйүп кетти. Ошол жака баргандан кийин психологиялык травма алып калуу мүмкүнбү? Деги эле терс жана оң жактары жөнүндө айтып бериңизчи?
Анастасия Мошкина
“Паранойя” бөлмөсүнүн ээси, квест оюндарынын уюштуруучусу
Квест – бул детективдик жанрдагы оюн. Анын катышуучулары бир максатка жетүү үчун түрдүү логикалык суроолорго жооп берип, табышмактардын жандырмагын табышат.
Оюндан психологиялык травма алып калуу коркунучун жокко чыгарганга аракет кылабыз. Биринчиден, биз 12 жашка чейинки балдарды ата-энесиз кабыл албайбыз. Экинчиден, оюндун жүрүшүнө камера аркылуу көз салып турабыз. Эгер катышуучу өзүн жаман сезсе, камерага жашыл лентаны көрсөтүп булгаласа, оюндан чыгарып кетебиз.
Квест оюндарынын оң жактары көп. Критикалык ой-жүгүртүүгө, ыкчам чечим кабыл алууга, команда менен иштөөгө, түзүлгөн кырдаалга анализ жасоого жана башкаларга үйрөтөт. Андан тышкары бул жөн гана убакытты кызыктуу жана пайдасы менен өткөрүү.
Терс жагы, учурда квест оюндарын уюштурган адамдар көп. Алардын арасында бул тармакты мыкты билгендер аз. Мисалы, майда нюанстарына көңүл бөлбөгөндүктөн оюндун сапатынын деңгээли төмөн болуп кетүүдө. Мындай репутация бардыгыбыздын абройубузга шек келтирип жатат.