// //

Бизнес насыя алуу үчүн 5 кадам

2019.04.17, 12:50
1329

Ар бир иштеп жаткан бизнес эртеби-кечпи жаңы этапка чыгуу үчүн кошумча каражаттарга муктаж болот. Же тескерисинче, сонун бизнес идея бар, а бирок акча жок. Эмне кылуу керек? Өнүгүүнү токтотуп, кыялдан баш тартуубу?

Албетте, жок! Мындай учурда бизнес насыя жардамга келет. “Бай Түшүм” Банкынын сатуу башкармалыгынын адистери бул тууралуу кененирээк айтып берет.

Кантип бизнес насыя алса болот?

  1. Бизнесиңиздин азыркы кырдаалын дыкаттык менен талдап, чыгашалар менен кирешелерди жазып, эсептеп чыгыңыз.
  2. Насыя төлөөнүн оптималдуу убактысын гана эмес, займ алуу жөнүндө да ойлонуңуз. Займды траншка бөлүп, кредиттик линияны каттап, керек болгондо бөлүп-бөлүп алсаңыз, насыя арзан болот.
  3. Кирешеңиз бул 3 чыгашаны жабабы же жокпу эсептеп чыгыңыз:
  • Бизнести кармоо үчүн чыгымдар
  • Насыяны төлөө үчүн чыгымдар
  • Күнүмдүк чыгымдар, анын ичинде үй-бүлөнү камсыз кылуу.

Маанилүү! Учурдагы кирешенин негизги булагы болуп эмгек акы эсептелет, бизнес баштоо үчүн насыя алып жатсаңыз – кредитти төлөөгө кеткен чыгымдар эмгек акынын 50%ынан көп эмес болушу керек. Насыяны төлөө чоң чыгымдарды талап кылса, анда банк сизге займ берүүдөн баш тартат же азыраак сумманы сунуш кылат.

  1. Инвестициялык максатка 3,5 млн сомдон ашык насыя ала турган болсоңуз - бизнес-планды көрсөтүүңүз керек. Бизнес план түзүүдө көйгөйлөр жаралса, “Бай Түшүм” Банкынын сатуу башкармалыгынын адистери жардам берет.

Толугу менен ачык болуңуз. Апыртып же жаап жашыруунун эч кандай пайдасы жок. Банк сиздин өнөктөшүңүз. Өнөктөштөр бири-бирине ишениши керек! Муну эстен чыгарбаңыз. Андыктан, банкка насыя алганы бара жатып, бизнесиңизге байланыштуу бардык документтерди алып алыңыз.

  1. Баш тартуудан коркпоңуз! Банктын адистери сиздин долбоорду майда-чүйдөсүнө чейин изилдеп, келечекте сиз үчүн кымбатка түшө турган коркунучтарды таап алса, бул тажрыйбаны өзүңүздүн пайдаңыз үчүн колдонуңуз. Бизнес-планыңызды иштеп чыгып, кайра тапшыруудан тартынбаңыз.

Сизде кандайдыр бир суроо бар болсо бул номерлерге чалыңыз:

  • 0(312) 905 805
  • 0 (770) 905 805 
  • WhatsApp 0 (777) 905 805.

"Бай Түшүм" Банкы - ишенимди баалайбызкыялдарды ишке ашырабыз

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт