// //

Биринчи жардам: Талмасы кармап калган адамга кантип жардам берүү керек?

2019.04.16, 13:09
5176

Bilesinbi.kg талмасы кармап калган адамга кантип жардам берүү керек экенин Бишкек шаарынын тез жардам борборунун реанимациялык кызматынын жетекчиси Егор Борисовдон сурап билди. 

Талма (эпилепсия) — кыска мөөнөткө акыл-эсин жоготуп, булчуңдардын тырышуусу менен мүнөздөлгөн оору. Ал өз алдынча оору (накта талма) же мээнин түрдүү ооруларынын белгиси катары кездешет. Оорунун пайда болушунун себептери түрдүү болушу мүмкүн: талмасы кармаганда, башынан травма алганда, ууланганда, мээге таасир этүүчү инфекциялык оорулар менен ооруганда, мээде шишик, киста пайда болгондо, баланын дене табы кескин көтөрүлгөндө, узак убакыттан бери акоголь ичип жүргөн адам арак ичүүсүн кескин түрдө токтотуп койгондо, ж.б.

Талма кармаганда адам эсин жоготуп жыгылат, булчуңдарынын бардыгы тырышып, көздөрү алактап, бир аздан кийин бир чекитти карап калат же аңтарылат, кежигесин тартып башын артка чалкалатат, билеги менен чыканактарын тырыштырат, буттары тескерисинче бүктөлбөй узунунан чоюлат. Денеси бүт калчылдайт. Жаагы карышып, бети алгач купкуу, бир аздан кийин кызыл-көк болуп калат.

Биринчи фаза 1-2 мунөткө чейин созулса, экинчи фаза 2-3 мүнөткө чейин болот. Экинчи фаза учурунда булчуңдар бир аз бошоп, зарасы чыгып кетиши мүмкүн. Адам акырындык менен өзүнө келе баштайт.

Кандай чара көрүү керек?

  • Мүмкүн болсо адамды кармап калууга аракет жасагыла.
  • Адам өзүн жарадар кылып алуучу буюмдардын бардыгын алып салгыла: ысык буюмдар (үтүк, плитка, фен), тамак аш, катуу, курч предметтер.
  • Талмасы саат канчада башталганын эстеп калгыла.
  • Адамдын башынын алдына жумшак бир нерсе койгула. Тизеңерге алып отургула, же полотенце, төшөк, куртка, кофтаны бүктөп башына жаздагыла.
  • Ашыкча бөлүнүп чыккан ак көбүк шилекейине же кусундусуна чакап калбашы үчүн жана тилин жутуп албашы үчүн башын капталын каратып жаткыргыла.
  • Оозу ачык болсо, тиштеринин ортосуна бет арчы, салфетка же жумшак бир нерсе салып койгула.
  • Бул адам сизге тааныш эмес болсо, жанында атайын билерик же карточкасы бар бекен карап көрүңүз. Анда адамдын диагнозу жана талмасы кармаганда кайрыла турган адамдардын телефондору жазылган.
  • Адамдын талмасы токтогондон кийин деле тургузбай бир нече убакыт жаткырып кармап тургула.
  • Эсине келгенден кийин бир нече суроо берип, биротоло жакшы болуп кеткиче жанында болуп тургула. Аты-жөнүн, туулган күнүн, жылын сурап тактагыла.

Буларды жасаган такыр болбойт!

  • Тиштенип турган адамдын оозун ачууга аракет кылбагыла. Тиштерин сындырып, ооз көңдөйүн жара кылып аласыз. Кашык, вилка жана башка катуу буюмдар менен колдонуу такыр болбойт. Бул иш аракеттерден эч кандай пайда жок.
  • Талмасы кармап жаткан адамды күчкө салып токтотуп калууга аракеттенбегиле. Ал эч кандай ооруну сезбейт, сиз анын денесин көгөртүп, этин оорутуп коесуз.
  • Талмасы кармап жаткан адамды бир жерден экинчи жерге жылдыруунун зарылчылыгы жок. Эгер анын жашоосуна эч кандай коркунуч жок болсо. Мисалы, жардын же жолдун четинде турса, же сууда болбосо гана.
  • Талмасы кармап жаткан адамга суу же дары берүүнүн кереги жок.
  • Бетке чаап, өзүнө келтирүү аракетин кылбагыла.

Кандай учурда тез жардам чакыруу керек?

  • Эгер биринчи жолу талмасы кармаса.
  • Эгер талмасы кармаган учурда же ага чейин жаракат алса.
  • Эгер бул талма эмес болсо.
  • Эгер талмасы кармап жаткан адамдын дене табы кескин көтөрүлсө.
  • Эгер бул кичинекей бала же кош бойлуу аял болсо.
  • Эгер 5-7 мүнөттүн ичинде эсине келбесе.
  • Эгер катары менен улам-улам кармаса.
  • Эгер дем алуусу туруктуу эмес болсо.

Талмасы кармагандарга эскертүү!

Талмасы кармаган адамдар “приступ” кутүүсүз боло турганын эстен чыгарбашы керек. Ошондуктан алдын алуу чараларын көрүү зарыл. Дарыгер жазган дарыларды убагында ичип, режимди сактагыла. Андан тышкары:

  • Туугандарыңар, кесиптештериңер, чогу окугандар мындай оору менен ооруганыңызды билип, сизге кандай жардам көрсөтүү керек экенин айтып бериңиз.
  • Жаныңарда ар дайым сизге коюлган диагноз, талма кармаганда кимдерге кайрылуу керектиги жазылган маалымат бар болсун. Мунун бардыгын атайын медициналык билерикке жазып койгон ыңгайлуу.
  • Талма кармап калуу коркунучу бар болсо машина айдоого, кокустук жогору болгон жумушта (бийиктикте, ачык от же электр тогу менен) иштөөгө жана спорттун айрым түрлөрү менен машыгууга болбойт.

Эпилепсиядан жабыркаган адам кадимки жашоо образы менен жашап, окуп, саякаттай алат, болгону оорусун эске алып, айрым нерселерге чектөө койгону туура.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт