// //

Аял күйөөсүнө айтпай турмушка чыкса жоопко тартылабы? Юрист жооп берет

2019.04.16, 12:56
1418

Менин бир досум бар. Ал 2013-жылы үйлөнүп, эки кыздуу болгондон кийин келинчеги менен таарынышып, чогуу жашабай жүрүшкөн. Ошол убакта ал Москвага иштегени кетип, эки жыл дегенде келди.

Кайра жарашуу ниети менен кыздарын көргөнү кайын-журтунун үйүнө барса, аялы башка бирөөгө турмушка чыгып алыптыр. Арадан бир аз убакыт өтүп аялы  ажырашып, кайра досум менен бир жумадай жашап, "апамдын үйүнө барып келейин",-деп кетип, кайра эле тиги күйөөсү менен жарашып алыптыр. Эми болсо досума, "ЖААКты кырктырабыз, алимент төлөйсүң",-деп жатат. 

Сурайын дегеним, досумдун аялы ЖААКты кырктырбай туруп, башка бирөөгө турмушка чыгып кеткени үчүн жоопко тартылабы? Досум алимент төлөй турган болсо канча берет?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.04.2019, 12:59

Нурислам Раимжанов

Юрист

Саламатсызбы! Сурооңузга жооп бере кетсем.

Биринчиден, досуңуздун аялы ЖААКты кыркпай туруп, башка бирөөгө турмушка чыкканы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. 

Экинчиден, жубайлар ортосунда алимент төлөө жөнүндө макулдашуу жок болсо, жашы жетпеген балдарга досуңуздун ай сайын иштеп тапканынын жана (же) дагы башка кирешесинин үчтөн бир өлчөмү өндүрүп алынат.

Ошондой эле, эмгек акынын  жана (же) колдо кирешенин жоктугу атаны балдарды багуу боюнча милдеттерден бошотпойт жана ал белгиленген өлчөмдө алимент төлөө үчүн каражатты өз алдынча издеп табууга, ошол жердеги орточо эмгек акынын өлчөмүнө жараша же алиментти кыймылдуу, болбосо кыймылсыз мүлк же балага же балдарга барабар үлүштөрдө менчигине берүү жолу менен анын бөлүгү менен жаап берүүгө милдеттүү.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт