// //

Нике кыюуга тыюу салган 6 "болбойт"

2019.04.15, 15:20
3209

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Саламатсызбы! Менде бир суроо бар эле. Ислам дини кандай аялга үйлөнүүгө тыюу салган? Бул тууралуу билсем болобу?

Равшан ажы Эратов, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы

Эркек менен аялдын ортосунда нике кыюуга тыюу салынган бир нече негиздер бар.

1. Кандаш тууганчылык. Шариятта жакын туугандарга үйлөнүүгө болбойт: апасына, кызына, эже-карындашына, атасынын эже-карындашына, энесинин эже-сиңдисине, бир тууган ага-ини, эже карындаштарынын кыздарына, аталаш же энелеш ага-ини, эже-карындаштарынын кыздарына, атасынын, энесинин апасына, неберелерине. Ошондой эле, атасынын эже-карындаштарына жана энесинин эже сиңдилерине, алар аталаш же энелеш болсо да.

2. Эмчектеш тууганчылык. Шариятта үйлөнүүгө тыюу салынат: эки жарым жашка чейин эмизген эмчектеш энесине, эмчек энесинин кыздарына жана эже- сиңдилерине, эмчектеш бир тууганына. Эмчектеш тууганчылык - кандаш тууганчылыкка теңдештирилет. 

3. Мусулман эместерге.

4. Никелүү аялдарга.

5. Атасына, чоң атасына жана баласына турмушка чыккан аялга (өгөй энеге), мурунку аялынын энесине үйлөнүүгө тыюу салынат. Ошондой эле мурдагы аялынын кызына (бакма кызына), эгерде ал аял менен жыныстык катнаш кылган болсо.

6. Эже-сиңдилер бир учурда бир адам менен никеге турганы болбойт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт