Бут чыгып анан жарака кетсе канча убакытта айыгат? Ортопед жооп берет
Эгер бут чыгып анан жарака кетсе канча убакытта айыгат? Тез сакайып кетүү үчун эмне кылыш керек?
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, травматолог-ортопед
Бул суроого бир сүйлөм менен жооп бере албайм. Буттун кайсы мууну чыгып кетти, кайсы жеринен жарака кеткен, анын көлөмү канчалык, сиз канча жаштасыз? Ушул суроолорго жооп алгандан кийин тагыраак жооп берүү мүмкүн.
Себеби, 15-16 жашка чейинки балдардын сөөгү сынса 3-4 жумада айыгып кетет. Орто жаштагы адамдардыкы 2-3 айда барып жакшы болот. Ал эми улгайып калган кишилердин сөөгү көптө бүтөт, болжол менен 5-6 айда.
Тез сакайып кетүү үчүн кальций ичиңиз, дарыгер айткандарды так аткарыңыз, сөөгүңүз жакшы бүтмөйүн бутуңарга салмагыңарды салып турбаңыз.