// //

Сулуу курбуларымды жашоомдон чийип салгам. Болочок келиндин баяны

2019.04.14, 14:23
4947

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында сулуу кыздарды жаман көрөрү айтылат.

Кутмандуу күнүңүз менен! Мен 22 жаштамын, жакында сүйгөнүмө турмушка чыгам. Психологдун кеңешин уксам дедим эле.

Силер мени кызыктай адам экен деп ойлошуңар мүмкүн, бирок мага менден сулуу кыздар жакпайт. Бардык сулуу кыздар менен сүйлөшпөйм: сулуу курбуларым менен классташтарымды жашоомдон чийип салгам. Баары качан башталганы эсимде жок. 

Жакында той, кимди курбу кылаарымды да билбейм.

Кичинебизде чогуу ойноп чоңойгон тууганым бар. Аны көптөн бери көрө элек болчум, телефондон сүйлөшүп, курбум болуп берүүсүн айтсам, дароо макул болду. Кечээ жолуктук, сулуу болуп кетиптир. Эми кантип баш тартсам деп ойлонуп жатам. Ал сүйүнүп, даярданып жүрөт. Тойдо бардык көңүл менде болушун каалайм. Эмне кылсам болот? Мүмкүн мен оорулумун...

Ильдар Акбутин, психолог

Адатта, өзүн-өзү жетиштүү (самодостаточный) сулуу адамдар ыракаттануу менен айланасын өзүндөй сулуу адамдар менен курчайт. Сиз менен болуп жаткан нерсе өзүн-өзү төмөн баалоо комплекси деп аталат.

Мындай невротикалык жүрүм-турумдун себеби балачакта: ата-эне өз баласын башка балдар менен салыштырганда кемсинтип, анын кадыр-баркын ар кандай жолдор менен басмырлайт. Бул механизм абдан туруктуу. Кийин баркын кетирген ата-энеси жанында жок болгондо деле, адам өзү улантып, өзүн башкалар менен салыштырып, өзүнө азап чектирет. Бул терең, сокур сезимдин деңгээлинде жүргөн процесс, өз алдынча арылуу кыйынга турат. 

Ошондуктан, сизге тажрыйбалуу психологго кайрылып, өзүнө болгон бааны көтөрүү терапия курсунан өтүүнү сунуштайм. Демейде, 10-20 сессия жетиштүү жана бул көйгөйдү толугу менен унутасыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт