// //

Талактын сиз билбеген 7 сыры

2019.04.12, 10:58
9061

Талак - кызганганда, ачууланганда же күнүмдүк бир нерсе үчүн уруша кеткенде колдонуучу сөз эмес, талак - бул бирге жашоону токтотуучу сөз.

КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Bilesinbi.kg’ге талак жөнүндө эмнелерди билүү керек экенин айтып берди. 

1. Эркек кандай гана абалда болбосун, оозунан талак сөзү чыкса, ажырашууга себеп болот, “билбей калдым” дегени эске алынбайт.

2. Талак – “бошоттум”, “ажыраштым” деген маанини түшүндүрөт.

3. Талактын чеги 3 гана. Тактап айтканда, эркек бир аялга үйлөнгөн мезгилде, ага өмүр боюга үч жолу талак айтууга укук берилет. Андыктан, бул укукту туура пайдалана билиш керек.

4. Эркек ажырашууну кааласа бир талак жетиштүү. 3 талакты удаа айтпаш керек, күнөөкөр болот жана кайра никени жаңыртууга таптакыр болбойт.

5. Талактын эки түрү бар:

Түз талак – эркектин оозунан бир талак чыкса бирөө, эки талак чыкса экөө түшүп калат. Мындай учурда ниети эске алынбайт. Мисалы, бир жолу “талак” деп айтып коюп, кайрадан аялы менен жашоосун улантып кете берсе, никеси автоматтык түрдө жаңыланат, бирок эсебинде бир талак калып калат.

Кыйыр талак – “бошсуң”, башың бош”, “сени менен жашабайм”, “кете бер” деген сөздөрдү ниети менен айтса түшөт, ниети жок айтса түшпөйт. Тактап айтканда, кыйыр талакта ниет эске алынат.

6. Смс же телефон аркылуу талак сөзүн айтса эсепке алынат.

7. Эгер жубайлар экөө тең макул болуп, арыз жазып соттун чечими менен ажыраша турган болсо, шарият бул соттун чечимин ажырашуу деп эсептейт, талак айтуунун зарылчылыгы жок.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Т
Тынычбек Акматов
21.08.2021, 17:57

Ассалом алейкум 8 жылдын ичинде 3 жолу талак деп кайра жашаганга болобу жообун берип койсонууз ракмат Аллах раазы

0
Пайдалуу жооп
Т
Тынычбек Акматов
21.08.2021, 17:58

Уруштук кызганычтын айынан болгон

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт