// //

"Поручитель" болуудан мурун буларды билип алыңыз

2019.04.05, 11:00
5056

Насыя алуучуга кепилдик берүүчү деген ким? Кепилдикке макул болуудан мурун эмнени билүү маанилүү? Бул тууралуу ААК “Айыл Банктын” насыялар бөлүмүнүн жетекчи адиси Жаныбек Дөөлөткелдиев айтып берет.

Кепилдик берүүчү – банктан насыя алып жаткан адамга кепилдик бере турган адам.

Кепилдик берүүдөн мурун буларды билип алуу зарыл:

  • Тааныштарыңыз кепил болуп берүүнү өтүнсө, алына турган карыздын өлчөмү, мөөнөтү, пайыздык чени жана башка шарттары жөнүндө толук маалымат алыңыз. Болбосо, кийин аны төлөп берүүгө аргасыз болуп калышыңыз мүмкүн.
  • Насыя алуучуга толук ишенсеңиз гана макулдук бериңиз.
  • Кепил болгуңуз келбесе, ар кайсы шылтоону айтпай, бул милдетти аркалай албай турганыңызды ачык билдириңиз.

Кепилдик берүүнүн коркунучтары:

  • Кепилдик берүүчү менен банктын ортосунда кепилдик келишими түзүлөт. Келишимдин негизинде кепил болуучу адам карыз алуучу сыяктуу эле банк алдында жоопкерчилик тартат.
  • Насыя алган адам карызын төлөй албай калса, мыйзам боюнча банк кепил болгон адамдан насыяны кайтарып берүүнү талап кылат.
  • Карыз алган адам качып кетиши ыктымал же башка толтура карыздары бар болушу мүмкүн.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт