Жолдошум менен ажыраштым, кантип акчамды өндүрүп алсам болот?
Турмушка чыкканыма 5 жыл болгондо, жолдошум менен ажырашып кеттим. 5 жыл ичинде иштеген айлык маянамды үй салабыз деп алган насыяга төлөгөм. Бирок үй жолдошумдун атында эмес. Эми ошол кеткен акчаларымды кантип өндүрүп алсам болот? Рахмат!
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу айым, үй куруу үчүн насыя алганбыз деп жаздыңыз. Алгач, тапкан акчаңыздын кайда жумшалганын тактап, далилдешиңиз керек.
Жубайлар жашап жаткандагы ортодогу мүлк мыйзам боюнча белгиленген. Жолдошуңуздун жана сиздин иштеп тапкан акча ортодогу жалпы мүлк болуп эсептелинет. Ажырашканда ал мүлктү бөлүшкөнгө укгуңуздар бар.
Мүлктү бөлүштүрүү тартиби:
1. Өз-ара келишүү. Бул учуруда жолдошу менен жубайы өз-ара ортодогу мүлктү бөлүшүп алат.
2. Сотко кайрылуу. Эгер сиз жолдошуңуздун сунушуна же тескерисинче жолдошуңуз сиздин шартка макул болбосо сотко кайрылууга туура келет.
Сиздин жагдайда тапкан айлык акыңызды насыяга төлөөгө жумшаганыңызды далилдөө керек.