// //

Аялын сүйбөгөн күйөөнүн белгилери

2018.08.20, 09:58
11563

Айымдар ушундай затпыз, шериктешибиз бизди сүйбөсө дагы, чындыкты кабыл алуудан баш тарта беребиз. Ошол эле учурда, сүйүү белгилерин издеп, таппай калсак, ойдон чыгара калабыз.

Тезирээк сүйүүнүн күлгүн түстүү көз айнегин чечип, ал бизди сүйбөгөнүн моюнга алсак, ошончолук тез бактылуу болуп, чындап сүйгөн мырзага жолугуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Келиңиздер, сизди сүйбөгөн адам кандай болоорун карап көрөлү.

Жигитиңиз сизди сүйбөйт:

  1. Эгерде, ар кандай шылтоолор менен сизге жолугууга же жазууга убакыт таба албаса.
  2. Эгерде, 8-мартта, туулган күнүңүздө белек бербей, "бул күнү бош эмесмин", - деп койсо.
  3. Эгерде, достору, туугандары менен тааныштырбаса.
  4. Эгерде, көп нерселерге тыюу салып, хоббиңиз болуусун каалабаса.
  5. Эгерде, оор учурларда жаныңызда болбосо.

Күйөөңүз сизди сүйбөйт:

  1. Эгерде, сизди сыйлабаса, сөксө, мазактаса.
  2. Эгерде, кызыкчылыгыңызга тиешелүү баардык нерселерге тыюу салып, үйдө отургузуп койсо.
  3. Эгерде, жемелеп, сизден акчасын аяса.
  4. Эгерде, үй-бүлөнү сизге камсыздатса, өзү иштебей жата берсе, сизден жана туугандарыңыздан акча алса.
  5. Эгерде, энесинин айткандарын угуп, сизди коргобосо, жаман адаттарынан арылбаса (кумар оюндары, баңгилик, алкогол).

Урматтуу, айымдар жогорудагы адаттардын бирөөсү сизге тааныш болсо жакшылап ойлонуңуз. Сизди сүйбөгөн адамга убакытыңызды, жаштыгыңызды коротуунун кереги барбы?!

Бир келген өмүрдө ар бир адам бактылуу болуп жашаганга укуктуу экенин унутпаңыз! Эгерде өзүңүздү сыйласаңыз, эч качан сүйбөгөнгө сүйкөнбөйсүз!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт