Эч жерде каттоосу жокторго жөлөк пул берилеби? Адис жооп берет
Саламатсызбы! Эч жерде каттообуз жок, балдарыбызга жөлөк пул ала алабызбы? Учурда шаарда батирде турабыз. Жашаган жерибиз боюнча айыл өкмөтүнө барсам, “суу, таштандыга карызыңар бар экен, маалымкат бере албайбыз”,- деп коюшту.
Айкөл Турганбаева
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамына ылайык, жөлөк пул жарандардын факт жүзүндө жашаган жери боюнча дайындалат.
Жарандар жашаган жерин тастыктоо үчүн факт жүзүндө жашаган жеринен (домкомдон, кварталдык комитеттен, айыл өкмөтүнөн) маалымкат тапшыруу жетиштүү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлери коммуналдык төлөмдөргө болгон карыздар үчүн маалымкат бербегени мыйзамсыз деп эсептелет.
Үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулун алуу шарттарын бул жерден окусаңыз болот.
Суроолор боюнча шаардык же райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына же КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтына кайрылыңыз! Байланыш телефону: 0312 30 01 26.