// //

Адамдардын бул 20 түрүнөн качыңыз

2018.08.17, 15:31
2981

Бул адамдардан оолак болуңуз. Аларга убакытыңызды, энергияңызды, ал-күчүңүздү эч качан коротпоңуз. Бир күнү акылына келет деп дагы күтпөңүз. Себеби, “ийри бутак түзөлбөйт” деген жакшы кеп бар.

  1. Ортоңордогу мамилени өркүндөтүүгө салым кошпогон адамдар.
  2. Табачыл, кекчил жана ачуулуу адамдар.
  3. Биринчи орунга өздөрүн койгон, каалаган учурда достуктан баш тартып кетүүгө даяр адамдар.
  4. Башкалардын пикирине сабыры жок адамдар.
  5. Консервативдүү жана өзгөрүүлөрдөн корккон адамдар.
  6. Сизди жакшыга түртүп, шыктандыра албаган адамдар.
  7. Сылыктыкты билбеген, оозуна карап сүйлөй албаган адамдар.
  8. Өзүнүн көйгөйүнө аралаштырып, тарта берген адамдар.
  9. Логикасынын ордуна эмоциясын колдонгон адамдар.
  10. Сизге олуттуу карабаган, барктай албаган адамдар.
  11. Энергияңызды алып, сизди өз кызыкчылыгы үчүн колдонгон адамдар.
  12. Чымындан пил жасаган майдачыл адамдар.
  13. Өзүнө болгон ишенимди арттыруу үчүн сизди кемсинткен адамдар.
  14. Сизди колдобогон адамдар.
  15. Уга албаган адамдар.
  16. Сезимдериңизди олуттуу кабыл албаган адамдар.
  17. Сизди капа кылып жатканын билбеген же болбосо билип туруп капа кылган адамдар.
  18. Каалаганыңыздай жашап жатканыңызды көрө албай, сизди күнөлүү кылгысы келген адамдар.
  19. Жашооңузда каалаганда пайда болуп, каалаганда кетип калган адамдар.
  20. Башкаларга көз каранды адамдар.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт