// //

Курулуш компаниясын ачам дегендерге адистен кеңеш

2019.03.28, 15:30
1517

Кудайым буюрса, келечекте чоң курулуш компаниясын ачып, элге заманбап, арзан үйлөрдү куруп бергим келет. Ал үчүн мен эмнеден башташым керек? Кеңеш берип коюңузчу?

Bilesinbi.kg бул суроого жоопту “Альфа” курулуш компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Иззат Таировдон алды.

Курулуш компаниясын ачуу үчүн кандай билим алуу керек?

Курулуш тармагында иштөө үчүн комплекстүү билим керек. Мисалы, бизнести башкаруу багытында билимиңиз болсо аны архитектуралык билим менен толуктоо ашыктык кылбайт. Курулуш компаниясын ачып коюп, аны жогору жактан жетектөө жетишсиз. Ар бир нерсени ийне жибине чейин түшүнүп турсаң жакшы. Мисалы, ресторан ачкың келсе, алгач официант болуп көрөсүң. Кардарлар кандай тамак жегиси келет, кандай тейлөөгө муктаж, артыкчылык, кемчиликтердин барын байкап, түшүнүп калгандан кийин баштасаң уттурбайсың.

Курулуш компаниясынын ээси 3 нерсени эске алат

  1. Курулуштун стратегиялык планын.
  2. Масса. Бул курулуш иштери кандай жүрүп жатат, кандай нюанстары бар, мамлекет менен кантип иш алып баруу зарыл, кайсы документтер керектелет. Мунун бардыгын жакшы түшүнөт.
  3. Ишкерлик сезимталдыктын (предпринимательское чутье) болушу. Бул рыноктун керектөөлөрүн алдын ала болжолдоп талапка жараша сунуштарды жаратуу. Себеби, курулуш компаниялар сунуштаган товар, күндө дүкөндөн сатылып алына турган нан эмес. Үй - бул премиум класстагы товар. Аны сатып алуу үчүн айрым адамдар өмүр бою каражат чогултушат.

Курулуш бизнесин эмнеден баштаса болот?

Кандай гана тармак болбосун алгач ошол жакта иштөөдөн баштоо керек. Курулуш компаниясын ачкың келеби, демек, ошол жака ишке орнош, стажировкадан өт, тажрыйба топто. Жүргүзүлүп жаткан ишти ичинен изилдеп чык. Сатуу, маркетинг, жарнама, бухгалтерия бөлүмдөрүнүн иш алып барганын көр.

Курулуш бизнесин баштоо үчүн канча каражат керек?

Бул суроого бир жактуу жооп берүү кыйын. Мындай деп айтайын, жок дегенде жер тилкесин сатып алып, ал жака бир үй салганга жетиштүү каражатың болуш керек. Кыргызстанда курулуш бизнесин бир үйдөн баштаган компаниялар бар.

Ал эми так суммасын айта турган болсом, 100 000$ өйдө каражат менен баштаса болот. Бирок бул сиздин амбицияңызга жана койгон максатыңыздан көз каранды.

Курулуш бизнесинде иштеген адам кандай сапаттарга ээ болууга тийиш?

Кайсы тармакта болбосун ийгилик жаратам десең өжөр бол. Курулуш тармагында өзүңдүн ишиңди, продукцияңды мыкты билип, жаңы багыттарга, ыкмаларга кызыгып, ынтызарлык менен ишиңди аткаруу зарыл.

Ошондой, эле курулуш тармагы жогору жоопкерчиликтүүлүктү талап кылат. Себеби, сен салган там кеминде бир кылым туруш керек. Кардарлардын үйүнүн комфорттуу жана сапаттуу болушуна гана эмес алардын ден соолугу, жана өмүрү алдындагы жоопкерчилик бар.  

Курулуш процессинде кырсыктын болуу тобокелчилиги өтө жогоруу. Ошондуктан, кол алдында иштеген кызматкерлердин ден соолугу жана өмүрү үчүн да жоопкерчилик жогору.

Ишиңе ийгилик каалайм!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт