Баламдын атасы Дубайда, мен ага загран паспорт ала аламбы?

2019.03.25, 13:17
232

Жаңы төрөлгөн балама загран паспорт алыш керек болуп жатат. Баланын атасы учурда Дубайда. Атасы жок эле өзүм ала аламбы? Ишеним кат (доверенность) жазыш керек экен, аны жазып жиберсе, бул жактан жаратабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.03.2019, 13:18

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоонун пресс-катчысы

Саламатсызбы, бешик бооңуз бек болсун! Балага жарандык паспорт алуу үчүн эки ата-эненин тең макулдугу керек. Атасы Дубайдан нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун жана паспортунун көчүрмөсүн жөнөтсүн. Баланын апасы ал документтер менен өзү эле паспорт жасатып ишти бүтүрүп алат. Паспорттун баасы 530 сом.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт