Россияда төрөлгөн бала менен Кыргызстанга баруу үчүн каяктан паспорт алыш керек?
2019.03.22, 13:54
1590
Азыркы учурда Россиядабыз. Жакында, буюрса төрөйм. Күйөм да, мен да кыргыз жараныбыз. Бала төрөлгөндөн кийин Кыргызстанга кайтабыз, балага загран паспорт алышыбыз керекпи? Кайсы жерден алабыз? Же күбөлүгү эле жетиштүү болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.03.2019, 13:55
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик катоо кызматынын пресс-катчысы
Урматтуу окурман. Рогссиядан Кыргызстанга жарандык паспорт менен да вкладыш менен да келсе болот. Аталган документтер Россиядагы Кыргызстандын элчилигинде жасалат. Вкладыш 2019-жылдын 1-июнуна чейин гана күчү бар экени эсиңизде болсун.
Вкладыштын баасы – 120 сом.
Паспорттун баасы – 530 сом болот.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!
0
Пайдалуу жооп