Эл аралык мамиле менен дипломатиянын айырмасы эмнеде?
Саламатсызбы! Эл аралык мамиле менен дипломатиянын айырмасы барбы?
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Сизге дипломатия жана эл аралык мамиле жөнүндө маалымат бере кетсек.
Дипломатия - бул белгилүү бир мамлекеттин тышкы саясатына байланышкан милдеттерин, максатын жүзөгө ашыруу жана чет мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо үчүн өкмөт башчысы же атайын органдар жүргүзгөн саясат. Мындайча айтканда, дипломатия мамлекеттин тышкы саясатын ишке ашыруу үчүн колдонулган бир каражат болуп саналат.
Дипломат - мамлекеттин тышкы саясаты менен иш жүргүзгөн адам.
Эл аралык мамилелер - бул мамлекеттер арасындагы өз ара аракеттенүүнү изилдеген илимий дисциплина. Бүгүнкү күндө эл аралык мамилелер мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты гана эмес, ар түрдүү эл аралык уюмдардын, компаниялардын, жана жеке адамдардын ортосундагы мамилелерди да камтыйт.
Эл аралык мамилелерди окуган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик башкаруу органдарында, эл аралык уюмдар, бейөкмөт уюмдар жана бизнес компаниялар сыяктуу ар түрдүү чөйрөлөрдө, аналитикалык жана илимий изилдөө тармактарында иштей алат.