Татуировка тарттырганга дин тыюу салганбы?
Колума татуировка тарттырайын дегем. Татуировка жасатаардан мурун эмнелерди билүүм керек? Буга ислам дининде тыюу салынганбы?
Юсуф Дүйшөнбеков
Устаз
Окурман, адам дененин ичине боёкту куйдуртуп сүрөт тарттырса, ал үчүн жооп берет. Анткени, кудай денебизди бизге аманат кылып берген. Кандай таза денеге ээ болсок, акыретке да ошондой сактап алып барышыбыз керек.
Роман Дроздов
Татуировка тартуу боюнча адис
Денеге сүрөт тарттыруудан мурун чебердин мурунку жасаган иштерин карап көрүңүз. Колу жөндөмдүү, сүрөттү мыкты тарткан, тажрыйбалуу адиске кайрылгыла. Себеби, түшүрүлгөн сүрөт, же жазуу өмүр бою денеңизде калат.
Колдонула турган аспаптардын стерилизацияланышына көңүл бөлгүлө. Чебер ийне менен иштегендиктен, кардарга ар кандай инфекцияларды жугузуп алуу коркунучу жогору. Ошону менен бирге, боёктордун кымбат, сапаттуу болуусу шарт. Биз жашы 18ден ашкан кардарларды ата-энесинин макулдугу менен гана кабыл алабыз.