Жөн эле бир чириген дарак сыяктуумун. Психолог жооп берет
Саламатсызбы, менин жашым 25. Турмушка чыга элекмин. Эч бир кесиптин ээси эмесмин. Иштеген жумушум да жок. Ушул убакытка чейин эмне кылдым, эмнеге жетиштим, деп өзүмө суроо берем. Көрсө, мен жөн эле бир чириген дарак сыяктуумун.
Бардык адамадрдын кандайдыр бир нерсеге шыгы, алдыга койгон максаты болот. Өзүмдү өзүм тарбиялап, алдыга умтулайын дейм, бирок колуман эч нерсе келбейт.
Психолог, @psiholog_kg_bishkek
Урматтуу окурман, учурда өзүңүз тууралуу ойлонуп, ушул күнгө чейинки жашооңузга саресеп салып, терс жыйынтыкка келип жатканыңыз байкалып турат. Адис катары абалыңызды түшүнөм.
Ар бир адамдын жашоосунда ушундай этаптар болот. Бул нормалдуу көрүнүш, эч чочулабаңыз.
Ушинтип олуттуу ойго батып, өзүңүздү анализдеп, жетишкендиктериңизди санап, артыкчылык жана кемчиликтерди белгилегениңиз, жөн жерден эмес. Мындан аркы кадамдарыңызды аныктап, ички жана тышкы ресурстарыңызды чогултуп, өзгөрүүгө, чечкиндүү кадам шилтөөгө түрткү болот.
Ошондуктан, бул абалдан пайдаланып, оң тарапка буруп кеткенге аракет кылыңыз. Ал үчүн өзүңүздү тереңирээк изилдеңиз. Жакындарыңыздан артыкчылыгыңызды жана кемчилигиңизди санап берүүнү сураныңыз. Алардан уккан оң жактарыңызды, күчтүү сапаттарыңызды активдештирип, кыска жана узун мөөнөттөгү максаттарды алдыга коюңуз.
Чөйрөңүздү кеңейтүүгө аракет кылып, өзүңүздү шыктандырыңыз. Билим алып, бир кесипке ээ болууну көздөңүз. Эч качан кеч эмес. Ар бир адам уникалдуу, ар бир адамда жөндөмдүүлүк бар. Сизде да кандайдыр бир талант жатат, буга ишениңиз!
Психологго кайрылып көрүңүз, ашыкча болбойт.
Мен көп убакта өзүмдөгү сөздү айтсамбы же жок деп экиленем аны жок кылуу керек катуу зыян тийгизет дешти текшерүүгө барганымда кандай жол тутсам болот ...
Анан да ар дайым бир нерсеге кабатыр болмой адатым бар өзүмдү тынчтандыра албай шайым кетет жалгыздыктан абдан корком эмне үчүн