// //

Эски кийим менен мектепке баргандан уялам. Окуучунун арманы

2019.03.15, 18:15
3253

Саламатсызбы! Классташтарым саркеч кийинишет. Мен да алардай болуп жакшынакай кийингим келет. Бирок ата-энемдин көп акча берүүгө шарты жок. Эски кийимим менен мектепте уялып жүрөм. Эмне кылсам болот?

Тамара Воронцова, психолог

Кымбаттуум, албетте дайыма жакшынакай болуп жүрүү керек. Ал үчүн сулуулугуңузга кам көрүүдөн баштаңыз: териңизге, чачыңызга, колуңузга дегендей. Бул нерселерди эреже кылып алыңыз.

Стилистер “эмне кийүүнү билбесең, жардамга ак көйнөк келет” ,- дешет. Мектептен ак көйнөктү күрмө, жакет, свитшот же жилет менен кийип алсаңыз саркеч көрүнүп каласыз. Сиздин фишкаңыз же стилиңиз ак жака болсун. 

Айта кетүүчү нерсе, дүйнөдөгү белгилүү адамдардын көбү жаш кезинде жетишпеген турмушта чоңоюшкан. Мындай тажрыйба көп нерсеге жетүүгө түрткү берет.

Ата-энеңизге акча табууга жардам берсеңиз болот. Алсак, сатууга мүмкүн болгон кийим тиккенди, тамак бышырганды, кооз жасалгаларды жасаганды үйрөнүңүз. Булардын кийинки жашооңузга кереги тиет. Баары жакшы болот. Сизге ийгилик каалайм!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт