// //

Башкалардын ийгилигине ичим күйөт. Психотерапевт жооп берет

2019.03.15, 18:12
1492

Психотерапевт Карлыгаш Акимкулова Bilesinbi.kg’ге ич күйдүүлүк деген эмне, бул сезимдин кандай пайдасы бар жана аны менен кантип күрөшүү керек экенин айтып берди.

Саламатсызбы, менин бир жаман адатым бар. Башкалардын ийгилигин, жетишкендиктерин көрө албайм. Ичим күйүп, жаман боло берем. Эмнеге мен ушуну кылган жокмун, менин деле колуман келмек, деп тиштенип кала берем. Ушундан кантип арылсам болот? Кеңеш бериңизчи?

Ич күйдүүлүк деген кандай сезим?

Ич күйдүүлүк – бул табигый сезим. Бул сезим ар бир адамда бар болот. Байкап көрсөңөр, ич күйдүүлүк сезими кенедей балада эле байкала баштайт. 3-4 жашка чыгып калган баланын башка бирөөгө ич тарып жатканы ачык көрүнөт. Ал каалаган нерсе башка балада болуп калса чыр салып, ага да дал ошондой оюнчук керек экенин айтат. Кичинекей балдар сезимдерин жашыра албайт. Алар дароо бардыгын ачык билдиришет. Улам чоңойгон сайын киши эс тартып, ички сезимдерин башкарууга үйрөнөт.

Ич күйдүүлүктүн жаман жагы адамды ичинен жеп, жанына тынчтык бербейт. Башка бирөөнүн ийгилигин, жакшылыгын көрө албай, ага жамандык тилейт, бут тосот. Болгон нерсесин тартып алгысы келет.  

Ал эми экинчи түрү ич күйдүлүктүн жакшы жагы, суктанууга кирип кетет. Сен адамдын жакшы сапаттарын байкап, эмгегин, ишин көрүп, ага окшоп бийиктиктерге жеткиң келет. Ал кишиден кеңеш алып, менин да колуман келет, мен да мыкты болом деп улам жаңы баскычка көтөрүлүүгө умтуласың.

Ич күйдүүлүктүн пайдасы

Ич күйдүүлүк болбосо, адамдын жашоосунда, коомдо, өлкөдө өнүгүү болмок эмес. Бул сезим болгондуктан биз да башкалар жеткен ийгиликтерге жетип, башкада (бир туугандарыбызда, кошунабызда, кесиптешибизде)  болгон нерсени бизде болуусун каалайбыз. Мамлекеттер да ич күйдүүлүк, бири-бирине атаандаштык болгон үчүн өнүгүп жатышат. Анткени, алар жетишкендиктерин салыштырышат, кайсы мамлекеттин аскери күчтүрөөк, техникасы, экономикасы өнүккөн, кимиси бай, ж.б.

Ич күйдүүлүк сезими менен кантип күрөшүү керек?

Биринчи кезекте ичиң күйүп жатканын моюнга алуу керек. Экинчиден, өзүңдүн жеке өнүгүүшүңө аракет жумшап, алдыга максат коюп, ага жетүү зарыл. Акырындык менен ойлогон нерселериң ишке аша баштайт. Өзүңдү инсан катары өнүктүрсөң, күндө жасаган ишиңен рахат алсаң, башка бирөөнүн ийгиликтерине көз артуу өзүнөн өзү жоголот.

Ар дайым өзүңөргө гана ориентир алып, башкалар менен салыштырбагыла. Азыркы заман маалыматтын, интернеттин заманы. Ичиңди күйдүрбөй коюу өтө оор. Инстаграм, Фейсбуктан башкалардын бактылуу жашоосу, ийгиликке, байлыкка оңой олтон жеткендиги, сулуулугу тууралуу маалымат тынбай жаап турат. Мындай шартта ич күйдүүлүктүн кайырмагына илинбей кое албайсың. Бирок, бул сезимдерди башкарууну жана туура пайдаланууну үйрөнүү керек.   

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт