// //

Тырмак тиштегилөө бул оорубу?

2019.03.15, 17:27
2616

Саламатсызбы! Бир нерсеге кабатыр болсом эле тырмагымды жей берем. Кээде ооруганына карабастан, түбүнө чейин тиштегилейм. Бул адаттан кантип арылсам болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.03.2019, 17:27

Владимир Манаковский

Невролог

Саламатсызбы! Тырмакты тиштөө - медицинада "онихофагия" дарты деп аталат. Бул оору  стресстен, зериккенден улам пайда болот, кээде тукум кууйт. Адам ичинде болуп жаткан чыңалууну азайтуу максатында тырмактарын жей баштайт.

Тырмакты тиштөө атайылап эмес, билбестиктен жасалат. Бара-бара көнүмүш адатка айланып, нерв ооруларынын бир түрү - обсцесивдик-компульсивдик бузулууга алып келет.

Алгач, пайда болуу себебин аныктоо керек. Келип чыккан жолун билүү менен гана бул адаттан толугу менен арыла аласыз. 

Кошумча нерселерди айта кетсем, тырмагыңызга кооз маникюр жасап койсоңуз тиштегиңиз келбей калат. Дарыканаларда атайын лактар, кремдер сатылат, ошолорду алып колдонуңуз. Алардын даамы өтө ачуу, кокустан оозго салып алсаңыз коргонуу рефлекси пайда болот.

Эч эле болбой жатса, неврологго кайрылыңыз. 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт