// //

Күйөөм: "Ойношко караганда бул жакшы да, кайра сүйүнбөйсүңбү!"

2018.08.15, 16:19
8008

Мага жардам бериңиздерчи! Менин жашым 22де, турмушка чыкканыма бир жарым жыл болду, бир балабыз бар. Жакында эле күйөөм сабаганынан үйгө кетип калгам. Ата-энемдикине келгенден кийин дагы боюмда бар экенин билдим. Бул биринчиден.

Экинчи көйгөйүм, күйөөм өзү аскер. Эрте кетип, кечинде келет. Телефонун карасам порно  тасмаларды көргөн болот. Бул эмне десем, "балдар көргөн" деп коет. Бир күнү ваннага кирип кетип эле жок. Эмнеге кечикти деп терезесин карасам, бир колунда порно коюлган телефон, бир колу менен мастурбация кылып жатыптыр. Көрүп алып аябай ыйладым. Эмнеге антесиң десем, "таштайм" деп убада берген. Бирок таштаган жок, кайра күчөдү.

Мен жатпасам бир жөн, күнү-түнү жатууга даярмын деген сөзүмө, "ойношко караганда бул жакшы да, башкага барган жок деп кайра сүйүнбөйсүңбү" деп оозумду ачырды. Бирок мен үчүн бул адаты ойноштук кылганга эле барабар. Балдарым үчүн жарашайын дейм, бирок сабаганын, мастурбация кылганын кечире албай жатам. Эмне кылсам болот? Жардам бериңиздерчи! 

Тамара Воронцова, психолог

Суроо абдан жеке жана интимдик болгондуктан, психологдун жардам жок чечилбейт. Абалыңызды жакшылап түшүнүү үчүн, сиз менен сүйлөшүүм керек. Колуңуздан келсе, жакшысы психологго кайрылыңыз.

Дароо айта кетейин, күйөөңүздүн порно көрүүсүндө таң калычтуу эч нерсе жок. Көп учурда аялы менен күйөөсү бирге көрөт.

Баардык эле эркектер мастурбация кылат. Мисалы, ал көнүмүш адат болуп калышы мүмкүн, ошондой эле ар кандай себептерден улам аялы баш тартса же этек кири келип калса, кош бойлуулук, ооруп жатса ж.б дегендей.

Сиз жыныстык катнашка баруудан баш тартпасаңыз, бирок күйөөңүз мастурбация кылып жатса, себебин өзүнөн сураңыз. Мүмкүн сексуалдуулугуңузга, төшөктөгү иш-аракеттериңизге тиешелүү көйгөйлөр бар. Төшөк маселелери боюнча ортоңордо ачыктык болушу керек. Балким ал сизди таарынып калбасын деп чындыкты айтпай жатат. Бул тууралуу сөз кылуу кыйын болуп жатса, сексолог же психологдун жардамы менен чечиңиздер.

Бирок сизге кол көтөрүүсүн кийин кайталап же адатка айлантып албашы үчүн, мындай аракетине эч качан жол бербеңиз. Алгач себебин түшүнүү зарыл - мас болгондо урабы, эч кандай себепсизби, сизди көргөндө ачуулана береби ж.б.  Эгер жүйөөсүн билип алсаңыз, кийин аны кайталабайсыз, анан ур-токмок жок болот. Кандай болбосун, катуу талап коюңуз. Өзүнүн балдарынын апасын, жубайын урган киши менен жашоонун зарылчылыгы жок. Бул кадамга татыксыз, алсыз эркектер барат. Мындай күйөөнүн жана атанын эмне кереги бар!?

Бардык аялдарга айтаарым, эч качан кадыр-баркыңарды силерди ур-токмокко ала турган деңгээлге түшүрбөгүлө. Башынан жана ар дайым!

Эгерде эркек заалым же садист адам болсо, анда аны менен бирге жашабагыла!

Маселеңизди психолог менен бирге чечип алаарыңызга ишенем! Жакшылап ойлонуп, туура чечим кабыл алыңыз! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт