// //

Бала асырап алуу үчүн керектүү документтер тизмеси

2019.03.15, 15:39
2498

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Чолпон Жумакунова bilesinbi.kg’ге бала асырап алуу үчүн кандай документтер керек экенин айтып берди.

Бала асырап алууну каалаган жарандар жашаган жериндеги аймактык социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылып, төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

  1. асырап алуучу болууга мүмкүндүгү бар экендиги тууралуу корутунду берүү жөнүндө арыз;
  2. арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
  3. эгерде жубайлар асырап алуучу болушса, нике жөнүндө күбөлүк;
  4. жашаган жеринен жана үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат;
  5. арыз ээсинин туруктуу киреше булагы бар экенин ырастаган документ;
  6. турак жайга менчик укугун ырастаган документ;
  7. соттолбогону жөнүндө ички иштер органынан маалымкат;
  8. арыз ээсинин ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду;
  9. иштеген же жашаган жеринен мүнөздөмө.

Аталган документтер берилген күндөн тартып бир жылга жарактуу.

Арыз ташталгандан кийин (14 жумуш күндүн ичинде) аймактык бөлүмдүн кызматкери арыз ээсинин жашаган жерине барып жашоо-тиричилик шарттарын текшерет жана асырап алуучу болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду даярдайт. 

Суроолор боюнча шаардык же райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына же КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтына кайрылыңыз! 

Байланыш телефону: 0 (312) 66-34-00, 0 (312) 62-45-22

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт