Нишаны менен төрөлгөн балдарга операция акысыз жасалабы? Дарыгер жооп берет
Саламатсызбы. Сурайын дегеним, кайнагамдын кызы илебинде нишаны бар болуп төрөлгөн. Алар Баткенде турушат. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборундагы хирургияга операция кылдыралы деп алып барсак, 6 айга толсун дешти. Операция өтсүн кийин сүйлөшөбүз деп, акчасы канча боло турганын айтышкан жок. Негизи мындай операцияны канчага жасашат, жеңилдиктер болобу?
Камчыбек Узакбаев
Эне жана баланы коргоо борборунун мүдүрү
Саламатсызбы окурман. Эгер маселе илебинде гана болсо бала төрт айга толгондо операция жасалат. Бирок, кээ бир учурларда мындай паталогия таңдайга да өтүп кеткен болот. Андай учурларда баланын баш сөөгү катыгандан кийин гана операцияга алабыз. Сизди көргөн доктурлар тагыраак түшүндүрүп айтып беришет. Операция акысыз.
Кызыңыз ден соолукта болсун!