// //

Базарда иштегендер пенсия ала алабы?

2019.03.15, 12:54
1038

Саламатсызбы. Бир эже бар, 62ге чыкты. Турмушка чыккан эмес, балдары да жок. Мурун базарда соода кылып, тирилик көрчү. Эми мынтип карыганда, туугандарынын колун карап калды. Ал эже кантип пенсия алса болот? Кандай документтер керектелет?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.03.2019, 12:55

КР Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигинин басма сөз кызматы

Саламатсызбы урматтуу окурман. Жакындарыңызга кам көрүп жатканыңызга рахмат. Расмий эмгек стажы жок жарандар 1780 сомдук пенсия ала алышат. Пенсияга тапшыруу үчүн төмөнкү документтер керек:

  • паспорт
  • эмгек китепчеси;
  • ЖОЖду аяктагандыгы жөнүндө диплом. Диплому сөзсүз 1999-жылга чейин болушу зарыл;
  • аскердик билет;
  • аялдар үчүн – балдардын төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөр;
  • жеке мекемелерде эмгектендер үчүн же болбосо жеке ишкерлерге камсыздандыруу төлөмдөр төлөнгөндүгү жөнүндө соцфонд тарабынан берилген маалымкат;
  • 1996-жылдын 1-январына чейин 60 ай үзгүлтүксүз алып жүргөн айлык акы жөнүндө маалым кат;
  • Үйлөнүү же ажырашуу күбөлүгү;
  • 3x4 өлчөмүндөгү эки сүрөт.

Дагы суроолоруңуз болсо 1202 кыска номерине чалып толук маалымат алсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт