// //

Шпаргалка: төшүбүзгө туура кийим тандайбыз

2018.08.15, 13:12
3874

Көпчүлүк аялдар өздөрүнө ылайыктуу эмес, жактырган бюстгальтерин сатып алышат. Жыйынтыгында ал кысып же чоң келип ыңгайсыздык жаратат. Келиңиздер, төшүбүздү кыйнабай, ага туура кийим тандап берели.

  1. Өлчөмүн ченеп алабыз

Төшүңүздүн ылдый айланасын

Мисалы, 78,7 см болсо, сиздин бюстгальтердин көлөмү 80 же 76 болот.

Төштүн өзүнүн айланасын

Чөйчөкчөлөрдүн өлчөмүн алабыз

Чөйчөктөрдүн өлчөмүн аныктоо үчүн төштүн ылдыйкы өлчөмүнөн, төштүн өзүнүн өлчөмүн кемитип коесуз.

Чөйчөктөдүн өлчөмү:

  • 10-11 AA (0)
  • 12-13 A (1)
  • 13-15 В (2)
  • 15-17 С (3)
  • 18-20 D (4)
  • 20-22 DD (5)
  • 23-25 E (6)
  • 26-28 F (6+)
  1. Төмөнкү таблицаларды карап, өзүңүздүн өлчөмүңүздү аныктап алыңыз

   3. Дүкөнгө кеттик

Колдон келишинче ич кийимдерди ачык жайлардан эмес, дүкөндөрдөн алганга аракет кылыңыз. Бара калып эле колго тийгенин албай, тандоого эң аз дегенде бир саат сарптаңыз.

Жок эле дегенде, ар башка өндүрүүчүлөрдөн 10 бюстгальтер кийип көрүңүз. Жылмакай чөйчөктүү классикалык бюстгальтерлер мыкты тандоо. Ошондой эле балконет, пуш-ап, корбей түрлөрүн ченеп көрүүнү унутпаңыз.

  • Биринчи, өзүңүздүн ченөөңүз боюнча алынган өлчөмдүн үлгүсүн кийип көрүңүз. Мисалы, 75В.
  • Экинчи, чөйчөктөрү кичинесин кийип көрүңүз.
  • Үчүнчү жуп бели кууш болушу керек. Бул 70В болуп саналат.
  • Төртүнчү түгөйдүн чөйчөктөрү чоң болсун, 75С.
  • Моделдердин ар бирин үч параметр боюнча текшериңиз: кур, чөйчөк жана бретел.

 

Бюстгальтерди өлчөп жатканда илгичин акыркы катарга бекитиңиз. Көп кийгенде кездеме чоюулуп калат, ошондо гана биринчи катардагы оюктарга бекитесиз.  

 

 

Туура эмсе тандалган бюстгальтер кантип олтурат?

 Төш өтө эле өйдө көтөрүлүп, сыртка чыгып калат.

 Төштүн жарымы алдынан сыртка чыгып калат.

 Бюстгальтер тагынбагандай болуп, төш салаңдап калат.

 Чөйчөкчөлөрү чоң болгондуктан, бырышып калат.

  Лифчиктин аркасы көтөрүлүп калат.

 Чөйчөкчөлөр кичине болуп, төштүн жарымы чыгып калат.

 Кеңештер

  • Сапаты төмөн бюстгальтерлерди арзан экен деп ала бербеңиз.
  • Эгерде бюстгальтериңиз калыбын көпкө сактап, чоюлбасын десеңиз, бир бюстгальтерди кийип жүрө бербеңиз. Сизде жок эле дегенде, үч даана болушу керек.
  • Бюстгальтерди өлчөп көрмөйүн эч качан сатып албаңыз.
  • Бирөөлөрүн кеңешин угуп, ушул туура келет десе укпаңыз. Өзүңүз гана тандаңыз.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт