Аялым жок. Бала багып алсам болобу?
Бала багып алуу үчүн үй-бүлө сөзсүз толук болуш керекпи? Менин аялым жок. Асырап алууга бала беришеби? Кандай талаптар коюлат?
Чолпон Жумакунова
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси
Саламатсызбы! Бала асырап алуу боюнча 2015-жылдын 27-октябрында №733 номери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынган. Ага ылайык жалгыз бой энелер менен аталар бала асырап алууга укугу бар.
Сиз төмөнкү документтерди чогултуп, аймактык социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылсаңыз болот:
- асырап алуучу болууга мүмкүндүгү бар экендиги жөнүндө арыз
- арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү
- жашаган жеринен жана үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат
- арыз ээсинин туруктуу киреше булагы бар экенин ырастаган документ
- турак жайга менчик укугун ырастаган документ
- соттолбогондугу жөнүндө маалымкат
- арыз ээсинин ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду
- иштеген жана жашаган жеринен корутунду.
Суроолор боюнча шаардык же райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына же КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтына кайрылыңыз!
Байланыш телефону: 0 (312) 66-34-00, 0 (312) 62-45-22