// //

Биринчи жардам: Инсульттун белгилери, жана кандай чара көрүү керек?

2019.03.13, 18:10
6530

Инсульттун белгилери жана кандай чара көрүу керек экенин Бишкек шаардык Тез медицина борборунун “Мээ инсультун –каттоочу бөлүмүнүн" дарыгер- неврологу Татына Самудинова Bilesinbi.kg сайтына айтып берди.

Инсульттун белгилери

Адамдын инсульт кармап жатканын билүү татаал эмес. Ал үчүн СОККУ деп аталган беш белгини эстеп калуу керек.

С – сүйлөгөнү начарлайт. Адам оюн так айта албай, чулдурап калат.

О – оозунун бир тарабы төмөн түшүп, бир жак бети шал болуп, жылмая албайт.

К – көрүүсү кескин начарлайт. Бир көзү же экөө тең.

К – кыймылы олдоксон, түз басып, эки колун бирдей көтөрө албай калат.

У – убакыт. Адамдын ден соолугуна тийгизген залаканы азайтуу жана өмүрүн сактап калуу үчүн 4-5 саат гана убактыңыз бар.

Инсульттун себептери

  • Кан басымынын жогорулашы (артериалдык гипертония);
  • Жүрөк жана кан тамыр оорулары;
  • Кандын курамынын өзгөрүшү (коюланып кетиши);
  • Холестериндин деңгээлинин көтөрүлүшү;
  • Сахар диабети;
  • Ашыкча салмак;
  • Тамеки чегүү, ашыкча алкоголь ичүү.

Биринчи жардам

Жогоруда айтылган белгилердин бирин эле байкасаңыз дароо тез жардам чакыргыла. Тез жардам келгиче:

  • Ооруган адамдын башын бийик кылып жаткыргыла.
  • Үйдүн ичинде болсоңуз терезени ачкыла, бөлмөгө таза аба кирсин.
  • Адамдын демин кыскан кийимин, топчуларын чечкиле, куурун бошоткула.
  • Жаныңарда атайын аппарат бар болсо бейтаптын кан басымын өлчөп, саат канчада, басымы кандай болуп турганын жазып алгыла. Тез жардамга сиз айткан маалыматтын пайдасы тиет.
  • Жүрөгү айланып, кузгусу келсе, бейтаптын башын капталга буруп койгула. Кусундусу дем алуу системаларына кирип кетпесин. Мүмкүн болушунча оозун кусундудан тазалаганга аракет кылгыла.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт