Боюңдан түшкөндөн кийин канча убакыт сактанышың керек?
Турмушка чыкканыма 5 жыл болду. Үч жолу боюмда болуп, кичинекей мөөнөт менен түшүп калып жатты. УЗИге түшүп текшерилсем "калдык жок, кайра-кайра түшө берсе элдик ыкмаларды колдонуп көр" деди. Витаминдерди ичип жүрөм. Боюңдан түшкөндөн кийин канча убакыт сактанышың керек?
Москвада жүргөндө анализ тапшырсам вирус бар экен деген. Эмне кылсак болот?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу окурман, мен сиздин көйгөйүңүздү жакшы түшүнүп турам. Үч жолу эне болуу статусунан ажырап, психологиялык жактан да жабыркап жүрүпсүз. Адистердин жардамына кайрылыңыз.
Бойдон түшүүнүн бирден бир себеби - инфекция. Жолдошуңуз менен бирге дарыланыңыз. Анализдердин жыйынтыгын көрүп канча убакыт сактануу керектигин так айтып бермекмин. Бишкек шаарында болсоңуз мага кайрылыңыз, жардам берүүгө даярмын.