// //

5 айдан бери айлык бербей жатышат. Эмне кылсам болот?

2019.03.07, 15:56
629

Саламатсызбы? Мектепте "дворник" болуп иштейм. 5 айдан бери айлык бербей жатышат. Кимге кайрылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.03.2019, 15:58

Бакытбек Жолчуев

Мамэкотехинспекциянын эмгекти жана эмгек мамилелерин коргоо бөлүмүнүн башчысы 

Саламатсызбы!

Биринчиден, колуңузда эмгек келишими барбы? Эгерде келишим жок болсо, ал жерде иштегениңизди тастыктоо кыйынга турат.

Экинчиден, мектептин жетекчилигине арыз жаздыңыз беле? Эмне деп жооп беришти?

Ар кайсы шылтоону айтып жатса, Мамэкотехинспекцияга кайрылыңыз. Сизге жардам берүүгө аракет кылабыз.

Дарегибиз: Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119 (ар бир региондо башкармалыктар бар)

Электрондук почта: getiserver@mail.ru

Телефон:  0 (312) 56-29-06, 0 (312) 56 10 51, 0 (312) 56-48-15.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт