// //

30 мүнөттө насыяга телефон берилет. BeeShop дүкөнү тууралуу кызыктуу маалымат

2018.08.14, 13:07
2116

Beeline эски Beeline Smart 7, Beeline Smart 8 телефондорун гана сатат десеңиз жаңылышасыз. Уюлдук компаниянын дүкөнүнөн каалаган смартфонуңузду табасыз. Эң кызыгы үйдөн чыкпай туруп, 30 мүнөт ичинде телефондорду насыяга алсаңыз болот. Бул тууралуу ЖЧК "Sky Mobile"дын программалар жана долбоорлорду башкаруу боюнча башкы адиси  Денис Антанаитис айтып берди.

30 мүнөт ичинде насыяга телефон алсаңыз болот

Эми биздин дүкөнгө токтоло кетсем. Көпчүлүк Beeline эски Beeline Smart 7, Beeline Smart 8 телефондорун гана сатат деп ойлошот. Бул чоң жаңылыштык. Биздин https://beeshop.kg/  дүкөнүбүздөн акыркы моделдеги смартфондорду, аксессуарларды, планшет, ноутбуктарды таба аласыздар. Кааласаңыз ошол эле жерден насыяга алууга арыз толтурсаңыз болот. Кененирээк түшүндүрүп кетсем:

1 -  кадам

https://beeline.kg/ сайтан кирип BeeShop дүкөнү шилтемесин басасыз. 

2 - кадам

Куттуктайбыз, сиз эми Beeline дүкөнүндөсүз. Бул жактан товарлардын ассортименти менен таанышып чыгып, каалаганыңызды тандайсыз. 

3 - кадам

Издеп жүргөн смартфонуңузду таптыңыз дейли. Эгерде аны насыяга ала турган болсоңуз жогоруда көрсөтүлгөн шилтемени басасыз. Насыя калькуляторунан өзүңүзгө ылайык келген шарттарды тандайсыз. 

4 - кадам

Документтерди топтоп, аны кайра тапшыруу үчүн банкка баруунун кереги жок, үйдөн олтуруп алып эле баарын бүтүрсөңүз болот. Сайттан арыз толтурасыз. Арызыңыз түз эле банкка түшөт жана ал жооп берет. Эгерде алар макулдугун берсе, бизге дагы билдиришет. Биз сиз менен байланышып, насыяга телефон алуу үчүн керектүү документтер менен кайсы жакка, канчада келүү керектигин айтабыз. Насыя алууга кандай документтер керек экенин жана шарттарын төмөнкү шилтемеден көрө аласыз. 

5 - кадам

Ай сайын насыяны төлөйм деп терминалга же банкка баруунун кереги жок. Balance тиркемесин жүктөп алып, ошол аркылуу төлөсөңүз болот.

Кыскасы, Beeline менен баары оңой жана жөнөкөй. Эки документ, 30 мүнөт, телефон колуңузда.

Кененирээк маалыматты 0774 000 999 номери жана  Beeline тейлөө кеңселеринен алсаңыз болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт