// //

“8-мартта төө алгам”. Айымдар эсинде калган белектери жөнүндө айтып берет

2019.03.07, 13:43
3448

Bilesinbi.kg сайты айымдарды келаткан 8-март – аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктап, эсте калган кандай белек алгандарын сурап көрдү. 

Фатима, үй кожейкеси: “Күйөөм элде жок манты-каскан берген”

2006-жылы болчу. 6-март күнү кечинде күйөөм кайдадыр чыгып кетти. Бир күн өттү жок. Эмнени гана ойлободум. Же азыркыдай телефон деген нерсе болсочу. 8-март. Эми эмне болот деп ыйлап олтурсам, күйөөм чоң коробка көтөрүп кирип келди. Ичин ачсам, ошол жылы жаңы чыгып жаткан капкагы айнек манты-каскан экен. Телевизордон көрсөткөндө, “ии, сонун экен а”, - деп койгом. Көрсө, байкушум, аны алам деп шаарга барып келиптир. Абдан ыраазы болгом.

Нуриля, бухгалтер: “Жигитим белек кылган төө, кой, карышкыр дале сакталуу”

Күйөөм менен кыз-жигит болуп жүргөн чагыбыз. Майрамга аз калганда таарынышып кеттик. 8-март күнү “кафеге барып келели”,-деп үйүмө келиптир. Бултуңдап, тултуңдап араң чыктым. Колундагы пакети баскан сайын калдырап-шалдырайт. Ичимен “идиш-аяк го”,- деп коем. Кызыктырып, же анысын бербейт. Тамактанып бүткөндөн кийин, “майрамың менен, эмнегедир муну көрөрүм менен сени эстедим”,-деп белегин узатты. Ичин ачсам, сувенир экен: төө, кой, эчки, карышкыр, ит, уй, ат.

Анаржан, студент: “Асмандагы жылдыздын бирөөсү меники”

Жигитим физика факультетинде окучу эле (азыр сүйлөшпөй калдык). 2-март күнү Украинага олимпиадага учуп кеткен. Майрам күнү көңүлүм жок үйдө отурсам, чалып, “почтаңа белек жөнөттүм”,-деди. Ачып карасам менин атымдагы жылдыздын жайгашкан картасы экен. Жигитим атайын мен үчүн Киевдеги бир сайттан жылдыз сатып алыптыр. Бул белекти эч качан унутпайм. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт