// //

Жолдошум кичинекей кызы бар экенин менден жашырып жүрүптүр

2019.03.06, 14:02
1531

Менин азыркы никем жолдошум экөөбүздүн тең экинчи никебиз. Көптөн кийин уулду болдук. Жолдошумду аябай сүйчүмүн, кызганчумун. Чынын айтканда, ал аял жандуу. Бирок, мен кечирип, унчукпай, көңүл бурбаганга аракет кылчумун. Учурда Москвада иштейт.

Жакында катуу уруша кеттик. Ал бойдок кезинде Москвада бирөө менен жүрүп, ага үйлөнүп алган экен. Аз эле жашап, ажырашып кетишиптир. Ал никесинен кызы бар экен. Ушунча убакыттан бери мага айткан эмес.

Эмне үчүн мага айткан эмессиң. Сен мени алдадың десем, телефондон кыйкырып, мен сага тойдум, жогол, балаңдын кереги жок. Алгын да кете бер деп, айтпаган сөздөр менен мени сөктү.

Кете берейин десем, кайын энем эч жака кетпейсиң, деп кое бербей койду. Бир нече күн таарынышып жүрдүк. Эми ал мага кайра жакшы сүйлөп жатат.

Мен болсо, аны кечире албай атам. Көңүлүм калды, көргүм жок. Телефондон үнүн уксам кайра ачуум келип, мурунку кылыктары эске түшөт. Кетип калайын дейм, балама боорум ооруйт.  

Кантип мурунку мамилемди, сүйүүмдү кайтарам? Кантип кечирем? Жардам бериңизчи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.03.2019, 14:03

Карлыгаш Акимкулова

“Psihianaliz.kg” психоанализ борборунун психотерапевти

Бүгүнкү күндө чет жака жумушка кетип жаткандардын саны көп. Үй-бүлөнү сактап калуу көйгөйү курч болуп турган чак. Жубайлардын бири алыс жака иштегени кетип, бири балдары, туугандары менен бул жакта калат. Бир жагынан алганда материалдык көйгөйлөр кандайдыр бир деңгээлде чечилип жаткандыр, экинчи жагынан алганда, жубайлардын ортосундагы мамиле кескин начарлайт.

Өзүңүз ойлонуп көрүңүзчү? Жолдошуңузду чоң шаарга, Москвага жөнөттүңүз. Ал жакта жашаган киши, каалайбы, каалабайбы өзгөрөт. Көз карашы, адаттары, максаттары, жада калса баалуулуктары. Азгырыктар көп, эркиндик бар. Уяткара турган тууган-тушкандары жок. Күндө кам көро турган жубайы, бала-чакасы жок. Аялы менен күйөсүнүн ортосунда өтө чоң ажырым пайда болот.

Аялы менен баласын өзүнө тиешеси жок, жакындыгы жок, жалаң гана акчаны талап кылган алыстагы адамдар катары кабыл ала баштайт.

Албетте баардык эркектер мындай эмес. Арасында, үй-бүлөсүнө жоопкерчиликтүү, баласак болгондору деле көп. Бирок, сиз жолдошуңузду, өзү эле кыздарга жакын болчу деп жазып жатасыз. Аны Москвага жөнөтүп жатып, эмнени ойлодуңуз эле? Ачуу чындыкты кабыл алып, туура чечим кабыл алгыла. Бул жакта эч ким күнөөлү эмес. Болор иш болуптур.

Үй-бүлө түздүңөрбү, демек ар дайым бирге болушуңар керек. Кайгыны да, кубанычты да тең бөлүшүп, бири-бириңер үчүн жашашыңар керек. Бир төшөккө жатып, алдыга бир максаттарды коюшуңар керек. Ошондо силер үй-бүлө болосуңар: күйөсү, аялы, балдары. Үй-бүлөнүн ар дайым бирге болгону туура.  

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт