// //

Юридикалык билим менен бажыда иштесе болобу?

2019.03.01, 17:33
945

Саламатсызбы. Атым Айнура, 23 жаштамын. Юридикалык академияда окуйм. Мен бажы кызматында иштегим келет. Юридикалык билимим менен таможенник боло аламбы, же башка окуу жайды бүтүрүшүм керекпи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.03.2019, 17:35

Жаманак Мусурканов

КРдин Мамлекеттик бажы кызматынын пресс-катчысы

Ооба, юридикалык билимиңиз менен Мамлекеттик бажы кызматына иштей аласыз. Бажы кызматына ишке орношуп жаткандарга төмөнкү талаптар коюлган:

  • Кыргыз Республикасынын жараны;
  • Жашы 35 жашка чейин;
  • Соттолбогон болушу керек.

Керектелүүчү документтер:

  • Арыз;
  • Өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ;
  • Эмгек китепчеси;
  • Жогорку билимин тастыктоочу диплом;
  • Ден соолугу жөнүндөгү медициналык корутунду;
  • Автобиография;
  • Төрөлгөн, окуган жери жана мурда эмгектенип келген мекемелер тууралуу маалымат.

Азыркы тапта, Мамлекеттик бажы кызматында IT адисдигине ачык вакансия бар.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт