// //

Баласы сөз укпаган ата-энелер үчүн

2018.08.13, 09:55
3318

Өз баласын мындай кой, чоңдор бири-биринин өтүнүчүнө “жок” деп айта алышпайт. Балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча эксперт Айгүл Камалова бир жолу “жок” дегенди бала угуп кала тургандай кылып кантип айтса болоорун  түшүндүрүп берди.

- Апа конфет жегим келип жатат.

- Азыр тамак бышат, тамак ичип алып анан жейсиң, болбосо тоюп каласың.

- Апа конфет жейм, тамак ичпейм:(

- Жок дедимби жок!

- Апааа! Конфет жейм! Апааа....

- Макул, шкафта турат, алып же.

Балага “жок” деген сөздү айтып жатып, биз үч тоскоолдукка учурашыбыз  мүмкүн. Кээ бир ата-энелер туура сөздөрдү табууда кыйналышат, кээ бири “жок” деген сөздү айта албай бушайман болушат. Көпчүлүк ата-энелерди “жок” деген сөзгө болгон баланын  “сен мени жаман көрөсүң”, “мен сени жаман көрөм” деген жооптору кыжаалат кылат. Жогоруда себептерге карабастан балага тыюу салуу керек.

Эч качан минтип айтпаңыз!

Ар дайым балага тыюу салуу,  алардын ачуусун келтирип, кыжырлантат!

Биринчи ката:

- Апа, жүр ойнойбуз.

- Кызым, анан, көрүп турасың го, бошобой жатам.

- Апа, кечээ чогуу ойнойбуз дебедиң беле!

- Анан ойнойбуз, бар өзүң ойноп тур.

- Апааа....

- Апаңды аяп койчу, жумушум аябай көп болуп жатканда, сеники өттү!

Кээ бир ата-энелер  тескерисинче зомбулук жана бийлик абалына салып, тыюу салышат. Мындай учурда ата-энелер баланын жүрүм-турумуна же конкреттүү абалга карап тыюу салбай, баланын өзүн жаман экендигине басым жасашат.

Экинчи ката:

- Ата мултик коюп берчи, бул кино мага жаккан жок!

- Бар эшикке ойночу, анан көрөсүң, мен көрүп алайын.

- Атаа, мултик көргүм келип жатат.

- Жок дегенди укпайсыңбы, тур эшикке ойно!

- Ата, мултик коюп берчииии....

- Сен ар дайым өз каалаганыңды кыласың! Жап оозуңду! Конфет жеп, мултик көрсөң эле болду сага! Уялбайсыңбы! Мен сен үчүн эмнени гана кылган жокмун!

Мындай сөздөрдү бала агрессия жана кол салуу катары кабыл алып, “Мен жаман экенмин” деген ойдо калат. Жооп катары бала сөзсүз түрдө нараазычылыгын билдирет, ыйлайт, кыйкырат, көйгөйлүү журум-турумду көрсөтөт. Ата-эне менен баланын ортосундагы мамилелер бузулат.

 Кантип туура тыюу салыш керек?

Кичинекей балага “жок” дегенди айткандан коркпош керек. Тыюу салуу баланын кийинки жашоосуна керектүү нерсе.

  • Бир чектен экинчи чекке аша чаппаңыз. Тыюу көп боло баштаганда, эркиндик чектеле баштайт. Келечекте баланын өз алдынчалыгы, каалоолору жоголушу мүмкүн.
  • Ата-энелер бирдей ой-пикирде болушу өтө маанилүү. Эгерде күйөңүз кокусунан тыюу салган нерсеге уруксат берип койсо, баланын көзүнчө урушуп –талашпай, кийин сүйлөшүп алыңыздар.
  • Тарбиялоодо ирээтүүлүк, туруктуулук өтө маанилүү. Эгерде бала эртең менен “жок” дегенди угуп, ал эми кечинде “макулдукту” алса, сизди укпай жана урматтабай калат.
  • “Жокту” жан тартуу менен айтуу керек. Себеби бала ушундай учурда “жок”  дегенди жеңил кабыл алып, сизге болгон мамилеси бузулбайт. “Мен сени түшүнүп турам, бирок болбойт, себеби.........” деген сөздөр туура болот.
  • Балага “жок” деп атканда, өзүңүздү ишенимдүү жана жай сезиңиз. Эгерде жинденип баштасаңыз, анда жакшы жыйынтык болбойт.
  • Сөзсүз түрдө балага өзүнүздүн колдооңузду көрсөтүңүз: “Сенин ойногуң келип жатканын түшүнүп турам, бирок азыр уктоо убактысы келди”, “Сен капаланып жатканыңды түшүнүп турам. Келегой мага, мен сени жакшы көрөм!”
  • 5 жашка чейин баланын көңүлү башкага бат эле бурулат. Ошондуктан кыжалат кылуучу жагдай пайда болгондо балаңызды башка ишмердүүлүккө көңүлүн буруңуз. “Сенин жакшы көргөн оюнчугуң кайсы? Кайсы мультфильмди көрөлү?”

Ар бир бала тыюу салууга каршы болот. Бирок, жашоодо бала дайыма каалаганын ала албайт!

Бул сөздөрдү колдонсоңуз болот

  1. «Биз атаң/апаң экөөбүз ушундай чечим кабыл алдык»

Суроолор тынымсыз берилип, аны токтотууга башка мүмкүнчүлүк жок болуп,   токтотуш керек  болгон учурда, ушундай сүйлөмдөр өтө маанилүү болот. 

  1. «Биздин үй-бүлөдө ушундай эреже бар»

Мындай сүйлөмдөр үй-бүлөлүк баалуулуктарды, каада-салттарды балаңызга үйрөтүүдө колдонсоңуз болот.

  1. «Мындай кылган болбойт», «Мындай сөздөрдү айтканга болбойт», «Коомдук жерлерде катуу кыйкырганга болбойт»

Мындай тыюу салуу жумшагыраак кабыл алынат, себеби бул эреже катары кабыл алынат. Дагы бир маанилүү нерсе баланын өзүнө болгон көз карашы өзгөрүлөт. Андан сырткары, мындай жагдайда балада өзүнө болгон терс ойлор да жаралбайт да, өзүн жаман, күнөлүү сезбейт.

“Жок” деп жатканда балага карата түз “сен” кайрылууларды бергенден баш тарткыла (“Сен жамансың”, “Сенин жүрүм-турумуң абдан жаман”, “Сен мындай кылба”). Себеби  ар бир адам сен жамансың дегенге каршылык көрсөтөт, кабыл албайт, коргонот жана талаш-тартышат.  

  1. «Мындай кылганга болбойт. Тандап ал – мындай же тигиндей кылабыз

Мындай формуланы, балага тыюу салып жатып, анын ордуна башка ыңгайлуу эки-үч  ишмердүүлүктү   сунуштаган учурда,  колдонсо болот.

  1. «Мындай кылганың жаман»

Биз бул сөздөрдү колдонуп жаткан учурда, баланын өзүн эмес журум-турумун баалап, балага “ярлыктарды” илбейсиңер. Бала анын жүрүм-туруму гана жамандыгын дароо сезет. Ошондо гана балага тыюуну кабыл алганга жеңил болот.

Ал эми “жакшы балдар мындай кылбайт” деген сыяктуу сүйлөмдөрдү колдонуу сунушталбайт. Себеби бала  мындай сүйлөмдөн кийин өзүн “жамандардын” арасына кошулуп калгандагын сезип, психикасына доо кетиши мүмкүн. Мындай көрүнүш эч бир демилгенин өнүгүүсүнө шарт түзбөйт.

 “Жок” деген сөз, баланын кийинки турмушунда айлана-чөйрө менен баарлашууга жардам берүүчү, эрежелерди жана чектөөлөрдү киргизүүгө өбөлгө болот. Чектер баланын тынчсыздануусун төмөндөтүп жана чындыкты жөнгө салганга жардам берет. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт