// //

Машинабыздын техникалык паспортун жоготуп алдык. Эмне кылсак болот?

2019.02.25, 10:57
1988

Биз машина сатып алганбыз. Ишеним кагазы бар. Бирок, каттоодон өтө элек болчу. Техникалык паспортун жоготуп алдык. Кантип калыбына келтирсек болот? 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.02.2019, 11:59

Мамлекеттик каттоо кызматы

Саламатсызбы! Машинанын техникалык паспортун жоготуп алсаңыз, жакынкы РЭО бөлүмүнө кайрылыңыз. Даректери:

  • Бишкек, Чокон Валиханов көчөсү, 2а;
  • Ош, Ленин көчөсү, 318 (ЦОН);
  • Баткен, Нургазиев көчөсү, 1 (ЦОН);
  • Жалал-Абад, Барпы Сейил көчөсү, 79Б (ЦОН);
  • Нарын, Ленин көчөсү, 39 (ЦОН);
  • Талас, Сарыгулов көчөсү, 28 (ЦОН);
  • Каракол, Гебзе көчөсү, 124 (ЦОН);
  • Сокулук, Советская көчөсү, 124;
  • Токмок, Ленина көчөсү, 375а почта Токмок-2;
  • Кызыл-Кыя, Маяковский көчөсү, 3;
  • Өзгөн, Ленин көчөсү, 115.

Техникалык паспортту калыбына келтирүү үчүн төмөнкү документтер керек:

- менчик ээсинин арызы;

- менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан ишеним кат;

- паспорт;

- машинага тийиштүү болгон каттоо документтери;

- каттоо документтерин кайра калыбына келтирүү үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанция;

Саламатта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт