// //

Өкмөт өкүлдөрү менен каралар “кирешеңдин 50% бизге бересиң” деп жатышат

2018.08.09, 17:35
2818

Саламатсызбы! Мен сиздерден кеңеш алайын дедим. 28 жаштамын. Үй-бүлөлүүмүн, эки кыздын атасымын. Айылда турабыз. Мындан 4 жыл мурун Кытайдан бизнес багытында билим алып келгем. Жубайым менен ошол жерден таанышкам. Кийин Кыргызстанга келип баш коштук.

Чет жакадан алган билимдеримди ишке ашырайын деп, атайын айылга барып бизнес ачтым. Алгач ишти баштоо үчүн үйүмдү күрөөгө коюп, 30 миң доллар насыя алдым. Кытайдын Чжэнчжоу шаарынан кирпич бышырчу жана шифер жасай турган жабдыктарды сатып алып келдим. Керектүү документтерди топтоп, расмий түрдө каттоодон өтүп, ай сайын салык төлөй баштадым.

Кудай жалгап, ишим оңунан чыгып, жүрүшүп кетти. Ошондо балээнин баары башталды. Кайдан жайдан акимиаттан, санэпидемкөзөмөлдөн, ӨКМдан, архитектурадан, салыктан, прокуратурадан кишилер келип себепсиз айыптарды коюп, текшерүүлөрдү жүргүзүшүп, коркутушту. Мени мыйзамды билбейт деп ойлоштубу, айтоор, “ишиңди жаап коебуз” деп акча доолашты. Эч кандай мыйзам бузбасам, эмнеге маңдай терим менен тапкан акчамды аларга беришим керек?! Болбой эле асылып туруп алгандыктан, Бишкектеги кызмат орду чоңураак тууганыбыздан жардам суроого мажбур болдум. Тууганыбыздын сөзү аларга аз да болсо өттү. Эми гана өзүмө келип, бир балээден кутулдум деп сүйүнүп жатсам, жаңылышыпмын.

Бир күнү жубайым экөөбүз тойго кеткенбиз. Ишканага баш-көз болуп байкем калган. Ал жерде жаңы эле сатып алган жабдыктар, кымбат трансформатор бар эле. Ошол түнү байкемди белгисиз бирөөлөр келип, артынан башка чаап, трансформаторду уурдап кетишиптир. Милицияга кайрылсам, жыйынтык болгон жок. Күндө бара берип тажап деле калдым. Эч кандай иликтөө жүргүзбөстөн, 3 айдан кийин ишти жаап коюшту.

"Аңгектен качсаң - дөңгөккө кабыласың" дегендей, эми каралар чөйрөсүнөн кишилер келип коркута баштады. “Көчүп кетесиң же биздин мыйзам боюнча жашайсың. Эгерде милицияга кайрылсаң, түндө келип үй-бүлөңдү өлтүрүп көмүп кетебиз, силерди эч ким деле издебейт” дешти. Мен азыр эмне кылышымды билбей турам. Акыйкат издеп укук коргоо органдарына барган менен пайда жок экенин түшүндүм. Сиздердин долбоордон ишкерлердин берген маектерин окуп калам. Балким алардын башынан дагы ушундай окуялар өткөндүр. Кантип бул көйгөйдөн арылсам болот. Алардан мага кеңеш алып бериңиздерчи!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт