// //

"Мал багам, өзүмдү кармана албай койлор менен кумарымды кандырам"

2018.08.07, 12:37
28876

Көбүнчө жаныбарлар менен айыл жергесиндеги эркектер жыныстык катнашка барат. Негизги себептеринин бири – жалгыздык.

Зоофилия - адамдардын жаныбарларга болгон каалоосу, же жыныстык жактан жаныбарларды жагымдуу катары таануусу. Термин 1894-жылы немец психиатры Рихардом Крафт-Эбин тарабынан  «Сексуалдык психопатия» китебине сунуш кылынган.

"Койлор менен кумарга батам"

Кайрылган окурмандарыбыздын айрымдары жакшынакай жүрүп эле бир күнү жаныбарларга болгон жыныстык каалоо болуп калганын айтышат. Мына ошондой жигиттердин бири өзүнүн окуясын айтып берди, учурда психологдун жардамына муктаж экендигин, кийинки турмушума залалы тийбейби деп кабатыр.

“Мен 22 жаштамын. Түштүк жергесинен болом. Мал багам. Койлор менен бат-баттан жыныстык катнашка барам. Өзүмдү колго алайын дейм, бирок кармана албайм. Сиздерден сурайын дегеним бул ден-соолугума зыян эмеспи? Мунун кандай коркунучтары бар. Кеңешиңиздерге муктажмын.”

 

Сексолог Илья Комаровер коомубузда мындай адамдар көп дейт:

- Зоофилиянын негизги себеби - жалгыздык, жактырган адамын, сексуалдык өнөктөшүн табуу жана үй-бүлө куруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунда. Салтка айланып калгандай кээ бир өлкөлөрдө кыздарга салыштырмалуу балдар көп төрөлөт. Ал эми кыз менен мамиле куруу үчүн калың берип, чоң той өткөрүү керек. Көп иштеп, акча таап булардын баарына жеткиче жигит өз муктаждыгын кантип кандырат?! Жыйынтыгында жаныбарлар менен кумарга батат. Зоофил бир гана кой эмес, жаныбарлардын ар түрү менен жыныстык катнашка барат. Менин кабылдамама жардам сурап мындай адамдар көп келет. Бул айла жоктун иши дейт элем.

Сексологдун айтымында адамдын жанында табитине төп келген айым пайда болгондон кийин бул адаттан алыстайт.  

- Зоофилия олтуттуу нерсе, ал башты талап калыбайт, ал учурда жыныс мүчөң башкарат. Жакшылап ойлонгула, жаныбарлар менен кумарга батуу менен, силер аларга адамдын образын берип жатасыңар. Бул туура эмес. Мындай учурда ички конфликт пайда болот. Тезинен дарылануу керек.

 

"Кыз жоктугунан улам, жаныбарлар менен жыныстык катнашка барам"

Ошол эле учурда жашаган жеринде кыздардын жоктугунан улам мындай кадамга барган жигиттер дагы жок эмес. Алардын бири өз турмушун төмөндөгүчө баяндайт:

“16 жаштамын. Айылда турам. Биз жакта кыздар аз. Бар болсо дагы үйлөрүнөн чыкпайт. Салтка бекем. Чоңойгон сайын жыныстык катнашка баргым келет. Үйлөнөйүн десем жашмын. Кээде мастурбация кылам, чыдай албай калганда сарайга барып, койлордон кумар алам. Кийин мен балалуу боло алабы? Жаман оорулар менен ооруп калбайымбы?”

Дарыгер урологдордун айтымында зоофилиянын ден-соолукка зыяны абдан чоң. Жаныбардан адамга түрдүү инфекциялык оорулар берилиши мүмкүн.

- Аябай биздин коомго туура келбеген көрүнүш. Эгерде жаштардын арасында аноним суроо берилсе, демек бизде болуп жатат. Көбүнчө бул дарт менен психологиялык жактан, импотенция менен жабыркаган адамдар оорушат. Дин мындай көрүнүшкө тыюу салган. Медициналык жактан алып карасак ден-соолукка зыяны абдан эле чоң. Эгерде жаныбарда зооинфекциялар болсо: бруцеллез, лептоспироз, аллергия ж.б.у.с адамга өтөт. Психологиялык жактан алып карасак мындай адамдар коомго коркунуч алып келиши мүмкүн. Себеби буларда акылсыздык, мыкаачылык (садизм) мүнөздөр болот, – деди дарыгер Гүлзина Мадраимова.

Зоофилдердин көбү айылдык жигиттер 

 

Тажрыйбалуу психотерапевтердин бири Ильдар Акбутин, “Көбүнчө айбанаттар менен жыныстык катнашка айыл жергесиндеги жаш жигиттер барат”, -дейт.

- Зоофилия аргасыз жана патологиялык түрдө болот.

Аргасыз зоофилиянын бир нече себептери бар:

  1. Уялчаактык, өзүн-өзү төмөн баалоо, физиологиялык кемчиликтер, сексуалдык ден-соолук көйгөйлөрү ж.б. кадимки жол менен өз муктаждыктарын канааттандырууга тоскоол болот;
  2. Жалгыздык жана жаныбарлар менен узакка көпкө болуу;
  3. Көптү билүүгө ынтызар болуу, кызыгуу;
  4. Никеге чейинки жыныстык мамилеге тыюу салган улуттук, элдик каада-салттар;
  5. Жыныстык бузукулук, өнөкөт дүүлүгүү.

Бул учурда, жаныбарларга болгон кызыгуу мезгил-мезгили менен, убактылуу болуп, жыныстык жашоо үзгүлтүксүз боло баштаганда жоголот.

Патологиялык зоофилия сейрек кездешет жана төмөнкү себептерден улам болот:

  • Карама-каршы жыныстагы адамга болгон жийиркенүү;
  • Физикалык жана психикалык бузулуулар, бала кездеги жаракаттар, коркуу сезимдери ж.б. түрткү болушу мүмкүн;

Бул учурда, психологдон жардам издөө керек.

Психологдун айтымында жаныбарлар менен болгон жыныстык катнаштан кийин кардарлар өздөрүн күүнөлүү сезип, азап чегишет, күчтүү тынчсыздануу, стресс, өзүн-өзү кыйноого дуушар болушат.

- Терапиядагы негизги басым – коррекция, жыныстык каалоосун туура багытка кайра багыттоо. Кардарлар өздүк иш-аракеттерин уятсыз жана адеп-ахлаксыз катары аныкташат. Ошентип, алар күнөөлүү сезиминен арылып, өзүнө болгон бааны көтөрүп, адамрдар коомундагы мамилени жандандырып, социалдык адаптациядан өтүнү каалашат. Көпчүлүк учурларда, карама-каршы жыныстагы адам менен болгон толук кандуу мамиле салттуу эмес жолдор менен кумар алуу зарылчылыгын жокко чыгарат, - деди психотерапевт Ильдар Акбутин. 

Урматтуу окурман мына ушул окуянын баары биздин айланабыздагы жаштар арасында болуп жатат. Эгерде кимде ким сырын айткысы келсе, же жооп таппай жүрсө, www.bilesinbi.kg сайтына жана WhatsApp 0704 004 608 номерине суроолорун узатса болот. “Билесиңби” ар бир келген суроолордо анонимдүүлүктү сактоо менен, тиешелүү адистерден профессионалдуу жоопторду ар бир өспүрүмгө же жаштарга жеке алып берет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт