// //

Гинеколог кеңеш берет

2018.01.24, 11:58
7021

Канча жаштан баштап гинекологго баруу керек?

Эгерде кыз кишинин ден-соолугунда көйгөйлөр болбосо, гинекологго баруунун кажети жок. Жылына бир-эки жолу гинекологдун көзөмөлүнөн өтүп койсоңуз, өзүңүзгө жакшы.

Өспүрүм кыздар эң көп кандай көйгөйлөр менен кайрылышат?

Азыркы учурда өспүрүм кыздарда жыныстык органдан ак суяктук бөлүнүп чыгуу оорусу көп кездешет. Ооруга жыныстык органдын сезгенүүсү жана цитрустук жер-жемиштерди, таттууларды ашыкча колдонуудан пайда болгон аллергия себепкер. Кыздар диетаны кармап, жеген тамак-ашын көзөмөлдөп турушу керек. Эгерде бул дартка чалдыкса, күчөтүп жүрө бербестен тезинен апасына айтып, гинекологго кайрылуу зарыл.

Өспүрүм кыздар ата-энесинин көзөмөлү жок гинекологго барса болобу?

Биз жашы жете элек кыздарды ата-энеси жок кабыл албайбыз. Эгерде жөн гана кеңеш берүү керек болсо, анда макул. Бирок текшерүүдөн өтүү үчүн, сөзсүз түрдө кыздын жанында жакындары болушу шарт.

Этек кир канча жаштан баштап келиши керек?

Менструалдык цикл өспүрүм кыздарда орточо эсеп менен 12 жаштан башталат. Бирок климатка жараша өзгөрөт. Мисалы тоолуу аймактарда жашаган кыздарда 15-16 жаштан келген бул нормалдуу көрүнүш. Чүй региондорунда болсо 10-11 жаштан келет.

Биринчи жолу этек кир келгенде эмне кылуу керек?

Эгерде сизде менструалдык цикл башталса чочуп, коркпостон апаңызга же эжеңизге айтыңыз. Жаңыдан башталган цикл туруктуу эмес болот. Бир келип, 2-3 ай келбей калат же бир айлап токтобой келет. Бул учурда дарыгерге барып, текшерүүдөн өтүп коюу керек.

Эң негизгиси менструалдык цикл календарын колдонууну унутпаңыз. Ал жерде баары жазылуу. Түшүндүрө кетсем “скудный”-аз, “умеренно”-орточо, “обильно”-көп келди дегенди билдирет. Ай сайын белгилеп, гинекологго барганда ала барып көрсөтсөңүз, сизге диагноз коюуга оңой болот.

 

Этек кир келгенде белдин, ичтин оорутуусу нормалдуубу?

Биринчи келген этек кир оору менен коштолот. Бул нормалдуу көрүнүш, баса калып, дарылоонун кереги жок. Бардык айымдарда болот. Оорунун дагы даражалары бар. Эгерде чыдатпай оорутуп, тынчыңызды алса анда гинекологго кайрылыңыз.

Өспүрүм кыздарга кандай гигиеналык каражаттар “прокладка” сунушталат?

Негизи эле гигиеналык каражаттарды колдонуу өтө зыян. Себеби биз анын кандай шарттарда жасалып жатканын билбейбиз. Тандоодо ароматизатору жогун алыңыз. Себеби жыттуулары аллергияны козгойт. Өтө арзандарын колдонуудан качыңыз.

Спорт менен машыкса менструалдык цикл келбей калабы?

Профессионалдык түрдө спорт менен машыккан айымдардын этек кири келбейт. Алар булчуңдарын чыгаруу үчүн атайын диета кармап, каражаттарды ичишет. Этек кирдин келбей калышы алардын келечеги үчүн кооптуу, тукумсуздукка алып келиши мүмкүн. Ал эми күнүнө бир-эки саат спорт менен машыгуунун зыяны жок.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт